Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дэн Вальшмидт: “Ийгиликке алып баруучу 19 “керектин” жандырмагы”

Дэн Вальшмидт: “Ийгиликке алып баруучу 19 “керектин” жандырмагы”

15-январь, 22:23
1 428 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ийгилик – каалоодон эмес, өзүңө болгон талаптан башталат.

Корксоң да, эң оор чалгындоону жасооң керек.

Денең эмес, максатың ойготкон учурда турушуң керек.

Алганыңдан да көбүрөөк берүүгө даяр болушуң керек.

Сени ойлобогондорго да кам көрө билишиң керек.

Жарадар болсоң да, багынбай күрөшө билишиң керек.

Коопсуздук тандагың келгенде да тобокелге барышың керек.

Артыңдан эч ким ээрчибей турса да, жол баштооң керек.

Башкалар ишенбегенде да, өзүңө ишенишиң керек.

Жооп издегенде уялууну эмес, чындыкты тандашың керек.

Баш тартуу оңой болгондо да, майда-баратка чейин так иштешиң керек.

Шылтоо эмес, натыйжа жараткан адам болушуң керек.

Элдин сөзүн уксаң да, өз акылың менен чечишиң керек.

Ката кетирип, уят болуп калуудан коркпошуң керек.

Куласаң – тур, жаңылсаң – кайра аракет кылышың керек.

Демиң кысылып турса да, дагы бир кадам алдыга жасашың керек.

Сага катаал мамиле кылгандарга да адам бойдон калышың керек.

Мүмкүн эмес көрүнгөн мөөнөттөрдү багындырышың керек.

Ийгиликке да, ийгиликсиздикке да өзүң жооп беришиң керек.

Тоскоолдукка карабай, тандаган жолуңа берилген бойдон калышың керек.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер