Аял менен жашагандын өзү баатырдык. Өмүр бою бир аял менен жашоо – бул эрдик


Мекенге болгон сүйүү үй-бүлөдөн башталат.
(Фрэнсис Бэкон)
Аялдын күйөөсүнө салыштырмалуу бир баласы көп болот.
(Аркадий Давыдович)
Үй-бүлө курганга караганда империя курган жеңилирээк.
(Эмиль Мишель Чоран)
Аял же үй-бүлөнүн куткаруучусу болот, же кыйратуучусу болот.
(Анри Амьель)
Үй-бүлө – тартипке үйрөнүүнүн эң мыкты мектеби.
(Сэмюэл Смайлс)
Үй-бүлө – бул дүйнөдөгү эң маанилүү нерсе. Эгер сенин үй-бүлөң жок болсо, анда эчтекең жок экен.
(Джонни Депп)
Эгер сен эгоист болсоң, үй-бүлө күтпөй эле койгонуң оң.
(Василий Ключевский)
Үй-бүлө куруу үчүн сүйүү жетиштүү. Ал эми үй-бүлөнү сакташ үчүн чыдаганга, кечиргенге үйрөнүш керек.
(Тереза Эне)
Аял-күйөө болуш кыйын деле эмес, бирок бактылуу үй-бүлө болуш үчүн мунун өзү жетишсиз. Жубайлар бири-бирине жакын адам, дос болууга тийиш.
(Олег Рой)
Эгер адамзат коому качандыр бир кезде үй-бүлөсү жок коомго айланса, анда ал селсаяктардын коомуна айланып, жасалма өсүмдүккө окшоп калат.
(Муаммар Каддафи)
Үй-бүл – бул бакыт. Бирок, ал кыйын нерсе. Чындап сүйгөн адам гана бакытка жетишет.
(Екатерина Сиванова)
Бала – үй-бүлөнүн күзгүсү; бир тамчы суудан күн чагылышып турган сыяктуу балдардан да эне менен атанын адептик тазалыгы чагылышып турат.
(Василий Сухомлинский)
Адам үй-бүлөсүз өзүн жалгыз сезип, үшүп-тоңуп отурат.
(Андре Моруа)
Үй-бүлө эмнеден башталат? Жигит кызды сүйүп калат – үй-бүлө куруунун башка жолу али ойлоп табыла элек.
(Уинстон Черчилль)
Үй-бүлө үлбүрөгөн, бат сынчу материалдан жасалат, ошондуктан үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү аны сактоого милдеттүү.
(Лууле Виилма)
Чыгышта болобу, Батышта болобу, эркек киши үй-бүлөнүн башында болушу керек. Бирок, башында болуу деген аялына буйрук берип, марш тептиргенди билдирбейт. Акылдуу эркек аялына аяр мамиле жасайт.
(Муслим Магомаев)
Аял менен жашагандын өзү баатырдык. Өмүр бою бир аял менен жашоо – бул эрдик.
(Олег Иванович Янковский)
Үй-бүлө – жаратылыштын шедеврлеринин бири.
(Джордж Сантаяна)
Аялы менен күйөөсү дүкөндөн чыгышат. “Сен баланы көтөр, а мен вазаны кармап алайын. Себеби, сен дайыма колуңдагыны түшүрүп ийчү элең” дейт аялы.
(Сергей Дроботенко)
Кымбат баалуу ресторанга барган супермаркетке азык-түлүк алганы чогуу барып, үй-бүлө менен чогуу тамактангандай ырахат тартуулай албайт.
(Кейт Уинслет)
Аялзатынын жападан-жалгыз ролу – үй-бүлөнүн таянычы болуу.
(Грейс Келли)
Үй-бүлө – бул жогорку сот, анын отуруму түнкүсүн да бүтпөйт.
(Малькольм де Шазаль)
Үй-бүлө бекем болсо, өлкө күчтүү болот.
(Роман Амстиславский)
Эркектер, аялдарыңарды воцапка отургузбагыла!
(Рамзан Кадыров)
Дүйнөдө сулуу аялдар көп, бирок алар үчүн үй-бүлөнү бузбаш керек.
(Олег Янковский)
Үй-бүлөдө же эки артист болуш керек, же бир да артист болбошу керек.
(Ирина Алферова)
Үй-бүлөм – менин күчүм, менин талуу жерим.
(Айшвария Рай)
Жашоонун жыргалы деген эмне? Сени жаман ойлор, оору-сыркоо кыйнабаса, үй-бүлөңдө арак ичкендер, жакындарыңдын арасында эки жүздүүлөр, калпычылар болбосо...
(Айдар Замальдинов)
Үй-бүлө баарын алмаштырат. Ошондуктан, үй-бүлө курардын алдында мага кайсынысы маанилүү: баарыбы, же үй-бүлөбү деп ойлонуш керек.
(Фаина Раневская)
Үй-бүлө – бул сен бороон-чапкындан, кыйынчылыктардан корголоочу арал.
(Михаил Пореченков)
Үй-бүлөнү бузган негизги ой – мени кыйнабаган, азапка салбаган башка адамды таба алам. Бул – куру кыял.
(Олег Торсунов)
Үй-бүлө сонун нерсе, ошондон улам кээ бирөлөр экиден үй-бүлө күтүшөт.
(Адриан Декурсель)
Адептүү адамдын үйүндө үй-бүлөлүк мамилелер татаал, ал эми адепсиз адамдыкында баары жылма.
(Лев Толстой)
Мамат Сабыров











