Эмне үчүн Билл Гейтс сырткы дүйнөдөн алыстап, тынч, элсиз жерге кетип турат?


Жылына эки ирет Билл Гейтс өзүнөн, жумушунан, сырткы дүйнөдөн алыстап, тынч, элсиз жерге кетет. Ал бул мезгилди “Ой жүгүртүү жумасы” деп атайт.
Бул жумада ал телефонун өчүрөт, үй-бүлөсү, иши, социалдык тармактар менен байланышын токтотот. Болгону китептерди, блокнотторду жана өз ойлорун алып кетет. Ал жети күндүн ичинде сырт дүйнөдөн үзүлүп, жалаң ой жүгүртүү, окуу, өзүн өнүктүрүү жана жаңы идеяларды жаратуу менен алектенет.
Дал ушул тынч убактарда Microsoft компаниясынын дүйнөнү өзгөрткөн көптөгөн ойлору жаралган. Себеби, чыныгы жаңылык жана терең түшүнүк ар дайым жашоонун тынч бурчунда пайда болот.
Демек, кээде жашооңдо токтоп, ойлонуп, өзүң менен өзүң болуу – бул убакытты текке кетирүү эмес, тескерисинче, жаңы бийиктиктерге жол ачкан эң баалуу инвестиция.
"Азия Ньюс" гезити











