Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кызганыч баладай ишенчээк, жапайы жаныбардай жырткыч

Кызганыч баладай ишенчээк, жапайы жаныбардай жырткыч

15-октябрь, 20:09
627 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бирөөнү кызганычтан деле жакшы көрүп калса болот.

(Станислав Ежи Лец)


Кызганыч канчалык күчтүү болсо, сүйүүнүн мүрзөсү ошончолук терең болот.

(Вадим Зеланд) 


Кызганыч – эң кооптуу курал.

(Нора Робертс)


Дүйнөдө кызганычтан өткөн азап, кордук болбосо керек.

(Анатоль Франс) 


Чындап сүйгөн жүрөктө же кызганыч сүйүүнү өлтүрөт, же сүйүү кызганычты өлтүрөт.

(Фёдор Михайлович Достоевский) 


Күйөөм мени компьютерден кызганат, бирок очок менен газ плитадан бир да жолу кызганбаганына таңгалам.

(Белгисиз автор)


Бу дүйнөдө үч нерсе бийлик кылат. Алар: ичтардык, кызганыч, ачуулануу.

(Себастьян Брант)


Кызганыч – бул башкаларга караганда өзүнө көбүрөөк зыян келтирүү искусствосу.

(Александр Дюма (уулу) 


Аял күйөөсүнүн кызганганын кечириши мүмкүн, бирок кызганбаганын кечире албайт.

(Габриэль Сидони Колетт)


Кызганыч – бул өзүн дагы, башканы да күйгүзгөн өрт. Мындан өткөн душман жок.

(Бауыржан Карасаев)


Шайтан периштенин иниси болгон сыяктуу, кызганыч да сүйүүнүн сиңдиси.

(Станислас де Буфлер)


Кызганыч баладай ишенчээк, жапайы жаныбардай жырткыч.

(Николай Алексеевич Некрасов)


Кызганыч – бул ууруларды өзүнө чакырчу иттин үнү.

(Карл Краус) 


Аялыңды кызгануу – аны бактысыз кылуу.

(Кей-Кавус (Унсур Аль-Маали)


Аялдардын кыянатчылыгынын бир пайдасы – ал эркекти кызганыч илдетинен айыктырат.

(Жан де Лабрюйер)


Мен кызганычты жек көрөм, себеби, ал ичтардыкка окшош. 

(Николай Платонович Огарёв) 


Кызганыч оору сыяктуу эле кеч киргенде күч алат.

(Поль Лотан)


Кызганыч өзүмчүлдүккө караганда да көбүрөөк кылмыштарга себеп болот.

(Вольтер)


Сүйүүгө күчүм жетпесе да кызганычка күчүм жетет.

(Мария Домбровская)


Сүйүү – албетте бейиш. Бирок, кээде кызганыч бул бейиш багын тозокко айлантып салат.

(Лопе де Вега)


Кызганыч падышаны да, жакырды да тең кылып коёт.

(Король Артур)


Аял күйөөсүн сүйбөсө деле кызгана берет.

(Альфред Конар)


Кызганчаак жигиттер кийин көңүлкош күйөөгө айланышат.

(Майн Рид)


Кызганчаактын сүйүүсү көбүрөөк жек көрүүгө окшош.

(Жан Мольер)


Эркек аялын мурдагы жигиттеринен кызганса, аял күйөөсүн кийинки аялдарынан кызганат.

(Марсель Ашар)


Эркек өзүн өтө эле жакшы көргөнүнөн кызганса, аял өзүн анчалык жакшы көрбөгөнүнөн кызганат.

(Джермейн Грир)


Кызганчаактар кызганчаак эместерге караганда көбүрөөк кыянаттык кылышат.

(Кэрол Ботуин)


Мен мурда күйөөмдү кызгана берчүмүн, бирок анын “көзүнө чөп салгандан” кийин кызганбай калдым.

(Лидия Смирнова)


“Күйөөм кетип калбасын” десеңер, аны бир аз кызгантып койгула. “Күйөөм кетсин” десеңер, аны көбүрөөк кызганткыла.

(Генри Менкен)


Сүйүү сокур эмес, кызганыч сокур.

(Лоренс Даррелл)


Кызганыч – бул күлүп, каткырып жаткан душмандардын арасында өзүңдү жалгыз сезүү.

(Элизабет Боуэн)


Кызганыч ачкачылыкка караганда миң эсе коркунучтуу, себеби, бул руханий ачкалык.

(Мигель де Унамуно)


Кызганыч дайыма сүйүү менен кошо туулат, бирок дайыма эле аны менен кошо өлбөйт.

(Франсуа VI де Ларошфуко)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер