Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Убагында уктабасаңыз, нерв системасы бузула баштайт

Убагында уктабасаңыз, нерв системасы бузула баштайт

08-октябрь, 18:07
547 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1. Убагында уктабасаныз, сизде нерв системасы бузула баштайт. Анын белгилери: алсыздык, шалдыроо, оордук, жанчылуу. Эгерде сиз түнкү 1ден 3кө чейин уктабасаңыз, анда албууттануу жана кыжырдануу пайда болот.

2. Соолуп бараткан сулуулук. Уйку ден соолук үчүн эле эмес, сулуулукту сактоо үчүн дагы эң сонун ыкма. Уйкуда жатканда гана клеткалар жана ткандар активдүү түрдө калыбына келет.

3. Өнөкөт чөгүү. Убакыттын өтүшү менен организмде ички чыңалуу өсөт. Уйку учурунда ошол чыңалуудан арылат. Эгерде сиз өз убактысы менен уктабасаңыз, чыңалуудан арылбай, маанайыңыз чөгүп, өнөкөт ооруларга кабыласыз.

4. Ашыкча салмактуулук. Америкалык окумуштуулар далилдегендей, өз убактысы менен эс ала албаган айымдар тез семиришет. Уйкунун аздыгы зат алмашуу процессин жабыркатат. Эгер сиз кечирээк уктап жаткан болсоңуз, ашыкча салмакты пайда кыласыз.

5. Иммунитеттин начарлашы. Баары жөнөкөй: түндөсү организм өз калыбына келет, сергектикке тескери таасир берген кесепеттерди нейтралдаштырып, иммунитетти чыңдайт. Түн ичинде иммундук система бекемделет, күндүз организмге түшкөн патогендүү микро организмдерди өлтүрөт. Дайыма уйкуңуз канбай жүрүшү сасык тумоо, суук тийүү менен ооруп калууңузга шарт түзөт.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер