Тулку-боюңуздун, денеңиздин сиз билбеген сырлары

Адам баласы негизинен 5 сезүү органы аркылуу дүйнөнү таанып-билип, жашайт. Ошону менен бирге адамдар көп учурда дене-бойду акыл-эс менен гана башкарууга болорун ойлошот. Болбосо, организм мээден буйрук берилбеген учурда деле өзүн-өзү коргоп, жашоонун уланышы үчүн ар түрдүү шартка ыңгайлаша алат. Эмесе, дене-боюңуздун сиз билбеген сырларын, өзгөчөлүктөрүн окуп көрүңүз:
Денедеги эң күчтүү булчуңдар тилдин булчуңдары болуп саналат.
Ашыкча тамактанып алган кезде адамдын угуу жөндөмдүүлүгү азаят.
Денеде мүнөт сайын 300 миллион клетка өлөт. Ал эми 1 күндө 300 миллиард жаңы клетка пайда болот.
Айымдардын жыт сезүү жөндөмү мырзаларга салыштырмалуу күчтүүрөөк болот.
Адамдын бир көзү экинчи көзүнө караганда жакшыраак көрөт.
Эң күчтүү сөөк, бул жаак сөөктөр болуп эсептелет.
Мырзалардын денесинде 7 литрге жакын, айымдарда болсо 5 литрге жакын кан бар.
Ортон манжанын тырмагы башка манжалардыкынан тезирээк өсөт.
Жаңы төрөлгөн ымыркай айлана-чөйрөнү ак-кара түстө гана көрөт. Башка түстөрдү кийинчерээк көрө баштайт.
Мырзалар айымдарга караганда көбүрөөк ыткытышат.











