Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлүм – эң улуу математик, ал баардык маселелерди эч жаңылбай чечет...

Өлүм – эң улуу математик, ал баардык маселелерди эч жаңылбай чечет...

29-февраль, 00:08
991 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эгер сен ар бир күнү акыркы күн жашап жаткандай жашасаң, качандыр бир кезде бул чын болуп чыгат.

(Стив Джобс)


Сулуулук деле күчтүү. Бирок, өлүм ага караганда күчтүүрөк.

(Джон  Китс)


Эч ким өлгүсү келбейт... Атүгүл бейишке туш болгусу келген кишилер да ал жакка барыш үчүн өлгүсү келбейт.

(Стив Джобс)


Таажия өлгөндөр үчүн эмес, ал тирүүлөр үчүн.

(“Жылдыздар күнөөлүү” фильминен)


Өлүм – эң улуу математик, ал баардык маселелерди эч жаңылбай чечет.

(Василий Ключевский)


Адамдар адамзат жашасын үчүн өлүшөт.

(Виссарион Белинский)


Апам минтип айтчу: “Өлүм “кепиниң даярбы?” деп сурап отурбайт”.

(Шалом Алейхум)


Адам өлүмдү түшүнгөндө гана анын жашоого болгон мамилеси өзгөрөт.

(Валерий Синельников)


Улуу, өлбөс иштерди жасаган кишилердин өлүмү дайыма эрте, дайыма мезгилсиз.

(Кенже Плиний)


Өлбөстүктүн биринчи шарты – бул өлүү.

(Станислав Ежи Лец)


Өлүм – адамзат түйшүгүнүн эң акыркы чеги.

(Гораций)


Акыры күйө турган болгон соң, өрттөнүп-өрттөнүп күйүш керек.

Бутакта чиригенден көрө, шамалда күйгөн артык.

(Сергей Есенин)


Жашооң кандай болсо, өлүмүң деле ошондой болушу керек; биз өлгөн үчүн эле башкача болуп калбайбыз да.

(Мишель Монтень)


Мрамордун астында жатсаң деле чирийсиң, топурактын астында жатсаң деле чирийсиң.

(Дени Дидро)


Жаман жашоо жаман өлүмгө алып барат.

(Мольер)


Эсиңде болсун, ар бир күнүң акыркы күн болуп калышы мүмкүн.

(Гораций)


Караңгылык жарыкка алып барат, бирок, сокурлук өлүмгө алып барат.

(Рабиндранат Тагор)


Өлүм кантип келерин билүү маанилүү эмес. Аны кантип тосуу керектигин билүү маанилүү.

(Юрий Колчак)


Өлүм өзү эски нерсе, бирок, ар бир адамга жаңы болуп келет.

(Иван Тургенев)


Адам жалгыз бир нерсеге – бир күн өлөрүнө гана эч шексинбесе болот.

(Ахерн Сесилия)


Өлүм гана экинчи мүмкүнчүлүк бербейт.

(Анатолий Тосс)


Акыркы күндөн коркпо, бирок, аны чакыруунун да кажети жок.

(Марциал)


Өлүм качкандарды деле кууп жетип алат.

(Гораций)


Өлбөстүккө аз гана жүк менен аттанасың.

(Вольтер)


Жер астына алып барчу жолдордун баары окшош.

(Цицерон)


Өлүм бир себеп табат.

(Орус макалы)


Өлүм сенин погонуңа карабайт.

(Белгисиз автор)


Адамдардын байлыкка, атак-даңкка болгон умтуулусу табыттын капкагы жабылганда гана токтойт.

(Шан Ян)


Өлгөндөн кийин биз баарыбыз жердешпиз.

(Вячеслав Верховский)


Биз туулуп атканда да, өлүп атканда да кимдир бирөөлөрдү азапка салабыз.

(Эмиль Кроткий)


Биздин өлүмүбүз – бизде жашап жаткан микробдор үчүн апокалипсис.

(Анна Василиогло) 


Улуу адамдардын жашоосу алар өлгөн күндөн башталат.

(Жан Люсьен Арреа)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер