Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аялдар катышкан экстремисттик мүнөздөгү кылмыштардын саны эмнеге өсүүдө?

Аялдар катышкан экстремисттик мүнөздөгү кылмыштардын саны эмнеге өсүүдө?

22-ноябрь, 11:26
624 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дин иштери боюнча эксперт Канатбек Мурзахалиловдун маалыматына таянсак, 2005-жылы экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды жасоодо аялдардын үлүшү бир пайызды түзгөн болсо, учурда бул көрсөткүч 25 пайызга чейин көбөйгөн. Экстремисттик багыттагы уюмдардын аныкталган жигердүү мүчөлөрүнүн сегиз пайызга жакыны аялдар экени айтылып жүрөт. Ал эми Сирия менен Ирактагы «Ислам мамлекети» террордук тобунун катарына кыргыз жарандарынын 25 пайызга жакынын аялдар түзөт.  

Ал эми буга эмне себепкер экенин «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал ФРОНТБЕК кызы  “Азаттыкка” төмөндөгүдөй баяндаган:

-- Учурда аялдарга байланышкан түрдүү изилдөөлөр жүрүп жатат. Ошол изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, 25-30 жылдан бери мусулман аялдарга байланыштуу мамлекеттик, муфтият же «Ыйман» фондунун деңгээлинде болобу, бир да иш-чара өткөн эмес. Мисалы, аялдардын билим деңгээлин көтөрүү, дараметин жогорулатуу, аларды аттестациядан өткөрүү ж.б. Көпчүлүк учурда диний билим алган аялдарга ар ким үйлөрүндө хужра тартибинде эле сабактарды берип жүрө берген. Эч кандай көзөмөл болбогондуктан экстремисттик уюмдар аялдарды өз катарына тартып, иштеткенге аракет кылышкан. Ал эми мечиттерде көзөмөл болгон. Мечиттерди «кандай хутба окулуп жатат? Кандай иштер жүргүзүлүп жатат?» деп карап турушкан. Аялдардын диний турмушу негизинен үйдүн ичинде болгондуктан, эмне кылып жатышканын, кандай сабактар өтүлгөнүн эч ким көзөмөлдөгөн эмес. 

Аялдардын экстремисттик, радикалдуу, террористтик уюмдардын торуна түшүп калышына биз алты-жети себепти кошсок болот. Биринчиден, кыздардын диний  билим албагандыгы. Союз таркагандан баштап эле «кыздарды мектепке жибербейбиз» деген пикирлер тарады. Анан мыйзам кабыл алдык. Мурда милдеттүү түрдө 11-классты бүтө турган болсо, азыр 9-класстан кийин эле мектепке барбай койсо болот. Анан медреселерге кирип окуй башташты, көпчүлүгү окубай да калышты. Үйдө бош отурган кыздарды күйөөгө бере башташты. Бактылуу жашап кетсе жакшы, бирок көпүлүгү ажырашып кайра үйүнө келип жатышат. Бул да социалдык көйгөйгө алып келүүдө. Биринчиси билимсиздик болсо, экинчиси сынчыл ой жүгүртүүсү такыр жок, салыштыруучу ой жүгүртүүсү да жок болуп калды. Анткени алар же светтик билим алган жок, же диний билим алган жок. Нан таап жегенге мүмкүнчүлүгү жок. Андан тышкары, жумушсуздук, ички-тышкы миграция болуп жатат. Турмушка чыккандан кийинки ажырашуу, жетпеген оокат... Ошонун натыйжасында кыздар көп учурда экстремисттик уюмдарга азгырылып калууда.

Дагы бир чоң мүшкүл – экономикалык басмырлоо. Эгемендиктин баштапкы жылдарында жер менчикке берилип, бөлүнгөндө да баары эркектерге же үйдүн башчысына жазылып калган. Аял кишилерге, кыздарга жер жок. Алардын эч нерсеси жок болуп калды. Кыздар турмушка чыкканда сеп беребиз, төшөк беребиз, буюм беребиз, бирок, акчалай же «бул сенин бизнесиң» деп эч нерсе бербейбиз. Ага түшүнүгүбүз жете элек.

Орозбек МОЛДАЛИЕВ, КР дин иштери боюнча мамкомиссиянын экс-жетекчиси, эксперт:

-- Мурда муфтиятта атайын аялдар бөлүмү бар болчу. Кийин учурда иштеп жаткан муфтий келгенден кийин жаап койгон. Бул – муфтияттын ички иши. Эми «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы муфтиятка аялдар бөлүмүн кайра ачканга аракет кылып жүрөт. Жамал айым жетектеген уюмда жаңыча көз караштары бар, билимдүү кыздар иштейт. Өткөн жылы пикирлерин угуп, алар менен жакындан тааныштыгым бар. Аялдардын экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарга катышканынын көбөйгөнүнө мындан себеп издей албайм. Биринчи эле себеби – билимсиздик. Көкүрөктөрдөгү боштук. Дагы мисал, Кыргыз-Түрк “Манас” университетине теологиялык факультет ачылгангандан бери кыздардын баары хиджап жамынып калды. Булар эмнени окушат? Кандай билим алышат?.. Ушул сыяктуу жагдайларда да ачылбаган түйүндөр жаткансыйт. 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

"Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер