Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Япондордун ийгиликтүү болушунун сыры эмнеде?

Япондордун ийгиликтүү болушунун сыры эмнеде?

07-февраль, 17:24
727 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Япония – башкаларга окшобогон салт-санаасы, үрп-адаты, кыскасы, дүйнөгө болгон өз алдынча көз карашы бар мамлекет. Япон жеткинчектери жакшы окуп, эмгекчил болорун жана улуу адамдарга сый-урмат менен мамиле жасарын баары билишет. Япондор дээрлик эс албай, эмгек өргүүсүнө чыкпастан иштешет. Аларда алтынчы, базар күндөр болбойт дешет. Балким бул 100% чындык эмес чыгаар, бирок мунун кур дегенде жарым-жартылайы чындыкка дал келет. Японияда наристелер үчүн бала бакча болбойт, балдарды 3 жашка толгондо гана бала бакчага беришет, бирок баланы бакчага берүү япондуктарга жагымсыз нерсе. Бакчага берүүгө өтө муктаж болгондор гана балдарын бакчага жөнөтүшөт.

Көпчүлүк ата-энелер балдарын өздөрү менен чогуу жумушка алып барышат. Жумушта эне жана бала үчүн атайын бөлмөлөр, ошондой эле кызматкерлер жана балдар уктай турган бөлмөлөр болот.

Мына ушундай жагдайда тарбияланган балдар жаштайынан жумуш деген эмне экенин билип чоңоюшат, ишти баалап, баркын сезишет. Акчанын каяктан кантип келерин билишет. Япон жаштары жакшы окуганга аракет кылышат, анткени жакшы окугандар келечекте жакшы жумуштарда иштеп, жакшы акча табарын алар беш колундай эле билишет.

Ата-энелер балдарын эч качан урушуп, жемелеп жекирбейт, жөн гана анын тура эмес кылып жатканын, анын кылыгы башка адамдарга жагымсыз жагдай жаратарын жай түшүндүрүп коюшат. Баарынан таңкаларлык нерсе, япон балдар эч убакта “ата-энемдин үмүтүн актай албай каламбы?” деп чочулашпайт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер