Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бардинованы ТИМге статс-катчы кылып, Айдарбеков катуу жаңылды

Бардинованы ТИМге статс-катчы кылып, Айдарбеков катуу жаңылды

13-февраль, 10:06
212 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнө жүзүндөгү баардык өлкөлөрдө тышкы иштер кызматы мамлекеттин эң каймактуу жана абройлуу тармагы катары эсептелет. Дипломат болуп улуттук кызыкчылыкты коргоо – бир канча чет тилди, саясат, тарых, экономика жана маданиятты эң жогорку деңгээлде билүүнү талап кылары белгилүү. Эми ошол улуттук дипломатиянын уюткусу жана мотору катары ТИМдин статс-катчысы болушу керек. Батыш же Чыгыш мамлекеттерин алабызбы, ал жерде статс-катчы катары дипломаттардын эң тажрыйбалуусу дайындалып, саясый жетекчилик канча алмашса да, ал туруктуу тышкы саясаттын алып баруусун камсыздайт. 

А бизде кандай? Кечээ күнү ТИМдин статс-катчысы болуп мурун спорткомитетти жана Ошто бир канча жыл гендер маселеси менен алек болуп жүргөн Нуржан Бардинова деген айымды өкмөт дайындаганы катуу сынга алынып атат. “Ушул кантип болсун?” деп өтө дасыккан дипломат экс-элчи Аваз Атаканов ачык, бирок жумшак суроону кабыргасынан коё алды. Ал эми башка дипломаттар ачык чыкпаса дагы, элчилердин он чактысы жана жалпы ТИМдин жамааты катуу нааразы болууда. Тил жана дил билбеген элчилердин дайындалганы бир жөн. Алар го алыс кетип, компетентсиздиктери көзгө көп көрүнбөйт. Ал эми Н.Бардинованын эң маанилүү тармактын мотору боло албасы белгилүү эле болуп турат. Жамааты жаман көрүп турса, тил билбесе, эл аралык саясатты жана этикет протоколду билбесе, аны ким сыйламак эле? Же боло береби? Бул жерден жаңы жана жаш (!) деп айтылган Чыңгыз Айдарбековдун чоң катачылыгы жана кубатсыздыгы көрүнүп калды. Мыйзам боюнча министрдин гана макулдугу менен статс-катчы дайындаларын билебиз. 

Урматтуу Чыңгыз мырза, бул эмне кылганыңыз? Тез арада Нуржан Бардинованы башка мамлекттик тармакка жөнөтүңүз дагы, тажрыйбалуу коллегаларыңыздын бирин дайындаңыз!

 "Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
“Кремлде” делген Самаранын концерти айылдагы клубдун деңгээлинде өттүбү?
(Видео) Муфтий Максат ажыдан мындай соккуну эч ким күткөн эмес...
Индиядан боор оорусунан чырактай бала көз жумду. Сөөгүн алып келүүгө кол суналы?
Элибиздин Аскар Акаевге сый-урматы жогору экенине дагы бир ирет ынандык
Анжеликага казак  миллионери 501 роза белек берип, колун сурады
Мирбек Атабеков эртеңки митингге катышуудан баш тартты. Себеби бар...
Акча чогулткан мектеп директорлор белгилүү болду. Эми алар кызматтан кетеби?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер