Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жылдыздар ушунчалык көбөйүп кеткендиктен дагы бир асман керек болуп калды

Жылдыздар ушунчалык көбөйүп кеткендиктен дагы бир асман керек болуп калды

14-август, 21:01
757 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү болуу – шаардагы сейилбак болгон сыяктуу эле. Сен коомдук менчиктин бир түрүнө айланып каласың.

(Вайнона Райдер)


Белгилүү кишилердин сүйлөгөндөрү көбүнесе рекламага окшош. Алар бири-бири менен антип сүйлөшүшпөйт.

(Анна Карина)


Белгилүү болуу – сулуу аял болгон сыяктуу эле.

(Кевин Костнер) 


Көп сүйлөп, аз иштеген белгилүүлөр бат эле дайыны чыкпай, жок болуп кетишет.

(Хосе Марти)


Атактуулар деле өлүшөт.

(Дуглас Коупленд) 


Мен атактууларды жек көрөм. Чындап эле жек көрөм.

(Билли Джо Армстронг) 


Эгер мени түрмөгө отургузуп коюшса, жок дегенде автограф бергенден кутулат элем.

(Курт Кобейн)


Атактуулук атактуу иштерден турат.

(“Гарри Поттер” тасмасынан)


Атактуулардын сөздөрү алыстан гана таттуу.

(Александр Куприн)


Мен белгилүү болгондон бери сүйлөсөм эле элдин баары күлчү болду.

(Фредерик Бегбедер)


Атактуу болуу – боюнда бар болуу сыяктуу эле. Туш келген эле киши жаныңа басып келип, колун курсагыңа коюп, “ичиңдеги бала эркек эмеспи?” деп сурашы мүмкүн.

(Брайан Крэнстон)


Жылдыз канчалык чоң болсо, ошончолук көп калп айтат.

(Майкл Джексон)


Эгер сен Вашингтондо популярдуу болсоң, он осуятты орундабай койсоң деле жарашат.

(Лилиан Дехэвен)


Атактуулардын баары эле улуу кишилер эмес.

(Лонгфелло Дидс)


Мен сенин ооруңду билем. Сенин атың Андрей Леонов эмес, Леоновдун уулу.

(Евгений Леонов)


Гезиттер жамандап, төбөсүнөн жугунду куйбаган бир да атактуу жок.

(Маргарет Уэй)


Россияда хомякты жети жолу телвизордон көрсөтүп коюшса, өзүнө өзү суктанып карай баштайт.

(Константин Эрнст)


Актёр болуу – башка адамдын жашоосун элестетүү, жылдыз болуу – башкалар сенин жашооңду элестетишкени.

(Натали Портман)


Анжелика мен үчүн тагдыр да, триумф да, каргыш да болду.

(Мишель Мерсье)


Атактуулардын балдары сейрек учурда гана атактуу боло алышат.

(Япон накылы)


Эгер мен сени билбегенимде, “кол тамга берчи?” деп суранмакмын.

(“Роналду” тасмасынан)


Жылдыз болуу кыйын деле эмес. Ал бир жарк этет да кайра жоголуп кетет.

(Шарль Азнавур)


Жылдыздар караңгыда гана көрүнөт.

(Мартин Лютер Кинг)


Айлана канчалык караңгы болсо, жылдыз болуу ошончолук оңой.

(Станислав Ежи Лец)


Атактуу болдум, эми бирдеке деп былжыраш эле калды.

(Сабир Омуров)


Адамдар мени билебиз деп ойлошот, а мен болсо алар жаңылып атышат деп ойлойм.

(Майкл Джексон)


Азырынча атактуу боло элекмин, бирок көгүчкөндөр мага эмитен эле кызыгып карай башташты.

(Филлип Адамс)


Жылдыздар ушунчалык көбөйүп кеткендиктен, дагы бир асман керек болуп калды.

(Денис Кабаков)


Жылдыздарды кармасаң эле жаркырак болуп кетпейсиң.

(Игорь Субботин)


Атактуу болуп ойгонуш үчүн азыраак укташ керек.

(Александр Грачев)


Эгер сени тааныгандар сен тааныгандарга караганда көбүрөөк болсо, анда же сен атактуу экенсиң же склерозсуң.

(Игорь Матросов)


Парнаска чыкчу тепкичте дайыма тыгын болот.

(Сабир Омуров)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер