Жоготуудан коркпо – бул сени эң кымбат нерселерден баш тартууга үйрөтөт


Эчтеке жоготпой туруп бирдеке табуу мүмкүн эмес. Атүгүл бейишке кириш үчүн да адегенде өлүш керек.
(Япон накылы)
Жадагалса өлүп бараткан кишинин да өз артыкчылыгы бар. Эчтекеси жок киши эчтекеден коркпойт.
(Рэй Бредбери)
Эчтекең жок болсо, эчтеке жоготпойсуң.
("Титаник" тасмасынан)
Сүйгөн адамыңды жоготкон оор, бирок аны дегеле жолуктурбоо андан да оор.
(Марк Леви)
Адам бирдекенин баасын аны жоготкондо гана билет.
("Наруто")
Адатта “жоготуп алам” деп корккон нерсеңди гана жоготосуң.
(Дмитрий Емец)
Мен сен үчүн дүйнөнү жоготсом мейли, бирок дүйнө үчүн сени жоготкум келбейт.
(Джордж Байрон)
Кимдир бирөөлөр кетип, сен калып калсаң кандай коркунучтуу...
(Евгений Гришковец)
Билесиңби, башын жоготуу – эң чоң жоготуу.
(Льюис Керрол)
Идишиң сынса ыйлагандын ордуна сыныктарын ыргытып, полду жууп салыш керек.
(Клаудио Пиньейро)
Сени издейм деп жүрүп өзүмдү жоготуп алдым.
("Сүйүү күтүүсүздүктөрдү жакшы көрөт" тасмасынан)
Баардык нерсе салыштырмалуу. Биздин жоготуубуз кимдир бирөө үчүн табылга болуп калышы мүмкүн.
(Валентин Домиль)
“Мен шүүдүрүмүмдү жоготуп алдым” деп даттанат экен гүл жылдыздарын жоготуп алган таңкы асманга.
(Рабиндранат Тагор)
Сүйүүдө адам акыл-эсин жоготот, бирок муну кийин, үйлөнгөн соң гана байкайт.
(Мориц Готлиб Сафир)
Жоготуу кээде табылга болуп калышы мүмкүн.
(Джейн Остин)
Жоготууну тоготпогон киши дайыма жеңип чыгат.
(Натаниэль Бузолич)
Эртеңки күндү күтүп, бүгүнкү күндү жоготкон – эң чоң жоготуу.
(Кенже Сенека)
Күн өлдү. Бул башка өлүмдөргө караганда да коркунучтуурак.
(Ниру Бобовай)
Уятты жоготуу – баардык жамандыктардын башталышы.
(Григорий Назианзин)
Мүлкү жок киши жоготуу ызасын сезбейт.
(Приналександр)
Өзүңдү эле жоготпосоң, калган жоготуулардын баары убактылуу жоготуу.
(Петр Квятковский)
Жоготууларга туура мамиле – жаңы табылгалардын кепилдиги.
(Алекс Кортезе)
Эгер сени жоготсом, мен өзүмдү да жоготмокмун.
(Джон Мильтон)
Жандүйнө баардык нерседен өсөт, өзгөчө жоготуудан...
(Марина Цветаева)
Өзүбүздү жоготконубуз – баардык нерсебизди жоготконубуз.
(Вольфганг Гете)
Жоготуудан коркпо – бул сени эң кымбат нерселерден баш тартууга үйрөтөт.
(Кытай накылы)
Жоготуунун эң мыкты дарысы – бул жаңы табылга.
(Оксана Панкеева)
Азыркы заманда кыздар телефонун жоготкондон кыз абийирин жоготконго караганда да көбүрөөк коркушат.
(Меган Фокс)
Чоң ата, чоң энелерибизди жоготуу менен биз алгачкы жолу жашоо коштошуулардан турарын аңдайбыз.
(Тони Парсонс)
Сен кетер замат үй муздай түштү, чай да мурдагыдай ширин эмес...
(Иосиф Бродский)
Ачууланган ар бир мүнөт сайын сен алтымыш секунддук бактыңды жоготосуң.
(Ральф Уолдо Эмерсон)
Даанышмандык адам жоготууларга даяр болгон кезден башталат.
(Николай Козлов)
Али эчтекебизди жогото электе эле биз жоготуу ыйын ыйлап жатабыз.
(Иоганн Гете)
Жоготуу маанилүү эмес, ооруп калуу маанилүү. Эч жериң оорубаса, жоготуу эчтеке эмес.
(Богомил Райнов)
Сага эмне жетишпесин билиш үчүн кээде баардык нерсеңди жоготушуң керек болот.
(Клайв Стейплз Льюис)
Жоголгондун баарын тапсаң болот. Жоголгон убакытты гана таба албайсың.
(Кытай накылы)
Биздин жоготууларыбыз биз үчүн кыйноо эмес, сыноо гана болсунчу.
(Элчин Сафарли)
Кээ бирөөлөр акыл-эсин жоготпогон себеби, аларда акыл-эс деле жок.
(Балитасар Грасиан-и-Моралес)
Таптыңбы – жоготпо. Жоготтуңбу – кайгырба.
(Курд накылы)
Өлгөндөрдү санаса болот, биро жоготууну саноо мүмкүн эмес.
(Колум Маккэн)
Мекенин жоготкон – баарын жоготкондук.
(Абхаз накылы)
Эгер досторуңду жоготуп алгың келбесе, аларга өтө чоң оомат каалаба.
(Балитасар Грасиан-и-Моралес)
Адамды азапка салган жоготуулар бар, жеңилдеткен да жоготуулар болот.
(Дэниел Уоллес)
Отто жоготконуңду күлдөн табасың
("Дуэлянт" тасмасынан)
Жок нерсе жоголбойт. Бар нерсе жоголбой койбойт.
(Борис Виан)
Тапканыңа сүйүнбө, жоготконуңа кейибе.
(Орус накылы)
Акчаңды жоготконуң – кагазды жоготконуң. Жандүйнөңдү жоготконуң – жашооңду жоготконуң.
(Дмитрий Соло)
Мамат Сабыров
"Азия Ньюс" гезити











