Алымкадыр Бейшеналиев “чөйчөктөш досу” Жапаркул Ташиевди эмнеге орун басар кылды?
Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп журналист Жапаркул Ташиев дайындалды. Негизи министр Алымкадыр Бейшеналиев пиар кылганга деле муктаж эмес, ал элди “уу коргошун менен дарылайм” деп бир сенсация кылса, экинчиси – сопсоо туруп “ковид болдум” деп кабинетине карантин кылып жатып алган. Мындай күтүүсүз кадамдарды “ачуу сууга” жакын Алымкадыр Бейшеналиев гана жасай алат. Жапаркул Ташиев аны көлөкөдөй эле ээрчип жүргөнгө жарабаса, пиар кыла албайт. Медицинадан түшүнүгү жок журналист саламаттык сактоо тармагына текей тергени бардыбы? Кадр тандоодогу башаламандык деген ушул эмеспи? Өлкөдө эпидемиологиялык оор кырдаал болуп жатса, министрдин орун басарынын кызматы ашыкча болсо, аны журналистке карматып жибербей, жок дегенде санитардык врачка берүү керек да. Алымкадыр Бейшеналиев “чөйчөктөш досу” Жапаркул Ташиевди жанынан чыгаргысы келбесе, жардамчы кылып алсын, орун басарлык орунду кор кылбай.
"Азия Ньюс" гезити