Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Самат Аалканов, психолог: “Акчаны кантип жугумдуу кармаса болот?”

Самат Аалканов, психолог: “Акчаны кантип жугумдуу кармаса болот?”

23-февраль, 21:08
1 181 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

--Алгач байлык жана кедейлик кай жакта болгонун белгилеп кетсек болот. Көп адамдар “кедей Кыргызстанда жашайбыз. Көбүрөөк акча табууга мүмкүн эмес. Бизде акча табуу оор. Өкмөт начар, мамлекет начар, бизге жакшы төлөй алышпайт” деп наалышат. Мен бир нерсени айтып кетет элем, байлык дагы, кедейлик дагы биздин мээбиздин ичинде. Ар бир адамдын ар кандай ишеними бар. Ар бир адамдын жашоого болгон куралдары бар, эрежелери бар.  Мисалы, бир адамдын “акча табуу оор, акча деген суу” деген ишеними болушу мүмкүн. Эгер адамдын ошондой ишеними күч болсо, адам өзүнө ошондой кырдаалдарды жарата баштайт. Акча таба турган ар кандай мүмкүнчүлүктөр болуп турса дагы көрбөйт. Ал мүмкүнчүлүктү колдонбойт. Андай адамдарга айтып кетерим, бул жерде адам өзү акчага болгон мамилесин оңдош керек. 

Илгерки заманга кайтып барсак, жакшы мергенчи, башкаруучу же падыша жакшы жашаганга, жан сактаганга мүмкүнчүлүгү болгон. Азыркы заманда акчаны башкара билген, колдоно билген адамдын жан сактаганга мүмкүнчүлүгү бар. Ошон үчүн акчага болгон мамилени, ойду өзгөртсө, акчаны жугумдуу кылганга мүмкүнчүлүк дайыма бар. “Жарым жыл ичинде мынча акча таба албасам, жашай албайм” деген ой мээде ойгонсо, элестөө ойгонсо, кандайдыр бир деңгээлде аны табууга жолдор да ачыла баштайт.  Мисалы, биздин тамакка, нанга муктаждыгыбыз бар. Иштебей отуруп калсак да бир жерден акча келет. Акча табуу үчүн муктаждык жаратыш керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер