Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өзүңдү дайыма чарчаңкы сезесиңби? Анын себептери...

Өзүңдү дайыма чарчаңкы сезесиңби? Анын себептери...

19-январь, 17:01
1 767 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Уйкунун жетишсиздиги – бул жалгыз гана сенин энергияңды албайт. Күнүгө жасаган, жасалбай калган майда-барат нерселер физикалык жактан гана эмес, ошондой эле моралдык жактан да чарчатышы мүмкүн. Бул макалада эксперттер аныктаган жаман адаттар жөнүндө маалымат ала аласыз

Сен машыгууга катышпайсың

Сен машыгууга катышпай, “өзүмдүн энергиямды сактайм” деп жаңылып, андан бешбетер өзүңө зыян келтиресиң. Джорджия университетинин изилдөөсү көрсөткөндөй, дени-карды соо, бирок аз кыймылдагы адамдар 20 мүнөттөн 6 жума спорт менен машыккандан кийин өздөрүн мурдагыдан да энергиялуу сезип калганын байкашкан.

Сууну аз көлөмдө ичесиң

Диетолог Эми Гудсондун айтуусу боюнча организмге суунун 2% гана азайышы энергиянын начарлашына алып келет. Суунун аз көлөмдө ичилүүсү канды да коюлтат. Ошондуктан, кан айлануу системасы бузулуп, адамга керектүү кычкылтек аз көлөмдө бөлүнүп, ички организмге зыян алып келет. Организмге канча суюктук керек экенин өзүңдүн салмагыңды фунт менен экиге бөл. Ошол чыккан өлчөмдө унций менен күнүнө ичүү зарыл. (1 кг=2,2 фунт, 1 унций=0,03 литрге барабар).

Сенин организмиңе темир жетишпейт

Темирдин жетишсиздиги – чарчаңкы абалга, жинденгендикке, өзүн-өзү начар сезүүгө алып келет. Гудсон айткандай, темирдин жетишсиздигинен өзүңдү чарчаңкы сезип, организмиңе кычкылтек жетишпейт. Темирдин жетишсиздиги аз кандуулукту пайда кылат. 

Эртең менен тамактанбоо

Сен жеп жаткан тамак адамга күч-кубат берип, кечки тамактануу түнкү уйку маалда организмге сиңип, энергия берет. Ошондуктан эртең менен ойгонгондо организмди тамак менен сөзсүз камсыз кылуу керек. 

“Жок” деген сөздү айта албайсың

Биз кимдир бирөөнө жардам беребиз деп убактыбызды коротуп, энергияны сарптайбыз. Анысы аз келгенсип, көпчүлүк учурда өзүбүздү жаман сезебиз да, жинденебиз. 

Сенин бөлмөңдө ар дайым башаламандык

Принстон университетинин изилдөөсү боюнча, иштеген столдун үстүндө көптөгөн чачылган нерселер сенин иштөөңө, мээңдин ойлонуусуна залакасы тийет. Ар дайым жумуштан кийин бир аз убактыңды бөлүп, столдун үстүн иретке келтирип, анан жаңы күндү таза, иреттүү стол менен баштасаң, ошол күнүң жакшы маанайда өтөт.

Жатаар алдында электрондук дарегиңди текшересиң...

“Планшеттин, телефондун, компьютердин өчүп-күйгөн жарыгы уйку жана сергектик гормону мелатонинди иштеп чыгуучу табигый циркаддуу ритмди бузат” дейт Тоуфиг. Адамдын баарында өчүп-күйгөнгө сезимталдык бар, ошондуктан электрондук приборлорго жатаар алдында бир саатка чейин жолобогон туура. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер