Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Январь айында алдыга карай натыйжалуу пландарыбызды түзбөсөк, бул жыл дагы бошко кетет”

“Январь айында алдыга карай натыйжалуу пландарыбызды түзбөсөк, бул жыл дагы бошко кетет”

11-январь, 13:02
1 349 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Жыл жаңырды. Бирок ушул жылды ийгиликтүү өткөрүү ар бирибиздин өз колубузда. План түзүүгө сиздин жардамыңыз кандай?” деген суроо менен атайын тренингдерди өткөрүп жүргөн айымдарыбызга кайрылдык.

Аксана Рыскулова, бизнес-тренер:

 -- Эгерде январда бир жылга ишке аша турган пландарыбызды түзбөсөк, бул жыл дагы бошко кетет. Дагы бир кыйла өмүрүбүз азаят. Бул абдан маанилүү. План түзгөндө бир эле мыкты болуп, ишке ашып кетпейт. Мындайча айтканда, акыл энергиясын иштетип, машыгуу менен аны чыңалтыш керек. Ал спортко эле окшош. Канчалык көп ойлонсоңуз, пландын үстүнөн иштесеңиз, өзүңүздү өнүктүрүп китеп окусаңыз, анда маңызы дагы тактала баштайт. Алгач план түзүү биринчи класска, экинчи план түзүү экинчи класска окшош. Качан 20-30 жолу түзгөндө кандайдыр бир пайызы аткарыла баштайт. Сиз өзүңүздүн максатыңыздын жеткен чегинде турган адамдан акчага убактысын сатып аласызбы, айтор, ал адамдан кеңеш алсаңыз, бул эң туура болот деп эсептейм.

Жыйынтыктыгында жашоонун баардык тармактарын өзүнчө кароо сунушталат. Бул жашообуздун кайсы тармактары солгундап жатканын жана жаңы жылда эмнелерге көңүл буруу керектигин түшүнүүгө жардам берет. Же балким, жашообуздун белгилүү бир тармагында кандай өзгөрүүлөрдү каалай турганыбызды түшүнүү жакшыраак.

Венера Бокотаева, психолог:

-- Өткөн жылды жыйынтыктап, жаңы жылдын босогосун аттадык. Жыйынтыктоо – бул өтүп жаткан жылга башкача көз караш менен кароо жана жаңы жылда бизге эмне керек экенин билүү, о.э. өзүбүз үчүн өзгөчө маанилүү эмес экенин түшүнүү мүмкүнчүлүгү. Биз өтүп жаткан жылдагы тажрыйбабызды жана андагы окуяларды талдап көргөнүбүздө, күчтүү жактарыбызды талдоого, кайсы жерде мыкты адамдар катары көрүнүүгө тажрыйба алабыз.

Жылдын жыйынтыгын кантип чыгаруу керек? Анын көптөгөн жолдору жана ыкмалары бар. Сиз үчүн эмне туура экенин тандоо маанилүү. Төмөнкү жыйынтыктоочу суроолорго чынчылдык менен жооп бериңиз. Анткени, биз муну өзүбүз үчүн, ошого катар жашообуздун жыргалчылыгы үчүн жасайбыз.

Жыйынтыктоочу суроолор:

-- Бул жыл мен үчүн кандай болду?

-- Бул жыл мага кандай жаңылыктарды алып келди?

-- Быйылкы жылы кандай жоготуулар, артка кетүүлөр болду?

-Жоготуулар жана ийгиликсиздиктер мага эмнени үйрөттү?

-- Келечекке кандай жыйынтык чыгарсам болот? 

-- Бул жылы менин жашоомдо эмне өзгөрдү?

-- Быйылкы негизги жетишкендиктерим кайсылар?

-- Буга жетишүүмө эмне жардам берди?

-- Жылдын негизги эмоциясы?

-- Быйыл эмнеге, кимге ыраазы боло алам?

-- Мен өзүмө эмне үчүн ыраазымын?

Жашоонун бөлүктөрүнө дагы бөлүп, терең жыйынтык чыгарсаңыз болот.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер