Астролог: “Парламенттик шайлоо 20-декабрда өтсө, Кыргызстан оңолмок”
Астролог Жанар Кадыралиев жылдыздарга карап, шайлоонун өтүшү тууралуу пикирин жазды.
“Шайлоону жаңы жылдан кийинкиге жылдырсак, 20 жыл ичинде Кыргызстан дагы бир топ ийгиликтерден кеч калат! Экономикалык өнүгүүнүн басаңдашына алып келет. Себеби жөпжөнөкөй: ири суммадагы миллиарддаган каражаттардын кожоюну Юпитер планетасы менен тартиптин, жоопкерчиликтин планетасы Сатурн 21-декабрь күнү тогошот. Мындай тогошуу 20 жылда бир болуп турат. 22синен кийин алыстоо процесси жүрөт. Мына ушул күндөн баштап кеч болуп калат! Бул шайлоонун аркасы менен Ө.Текебаевге чоң ийгиликтер келмек. Но, увы! (орустар айтмакчы). Келип турган оомат, мүмкүнчүлүктөрдү алдырып жиберди. Шайлоонун кийинки жылга калтырылышына жол бербеши керек эле! (Текебаев деле, башка депутаттар деле жагымдуу мезгилди колдон чыгарып жиберишти. Аттиң!).
Текебаевдин туулган жылы 1958-жыл, 22-декабрь кечки саат 22 (кечки ондордо төрөлгөн деп эсептелет). “Улуу тогошуу” анын туулган күнүнө, саатына саналуу гана сааттар калганда болуп отурат. Бул деген өтө чоң тарыхый энергетика болчу, космостук энергетика эле! Деңиз, океандардын ташкындоосуна, жер астындагы “лава, породалардын” козголуп, жер термелүүлөргө түздөн-түз таасирин тийгизип келген космос Текебаевди бир кичине талга окшотуп, көкөлөтүп өз мээримине бөлөп алмак. Алдыдагы 20 жыл ичинде болуп көрбөгөндөй чоң максаттары орундалмак. Ал максаттардын баарынын ишке ашуусуна 3-4 же 4-5 адам себепкер болбой, бир гана адам себепкер болмок. Ошол эле адам түбөлүктүү демөөрчү, сакчы да болуп бермек! Ал адам Жанар Акаев деп ойлой коюшуңар мүмкүн, жок. Ал эмес! Ал адам жашыруун бойдон калат. Бирок Бишкекте эле жүрөт. Өзү да бул жөнүндө билбейт.
Мен бул нерселер жөнүндө ким экенин ачык эле жазсам болмок. Бирок кереги жок! Керекпи, өздөрү кайрылышсын (астрономия боюнча адистерге). Бирок жеке саясый фигураларга караганда жалпы Кыргызстандын келечеги аксап баштаса, ичиң ачышат экен!
“Каа-ап, шайлоону да жайлашты” деп ичиңден кан жутуп отура берет экенсиң, же калппы!?".