Турат Акимов: “Текебаев саясый сооданын негизинде гана акталды”


-- Текебаевдин акталышын соттордун көз карандысыздыкка багыт алганы катары билсек болобу?
-- Текебаевдин акталышы саясый сооданын негизинде гана болду. Анткени ага мурда эки мамлекетке элчи болуп кетүү сунушталган. Эми ал толук акталып, саясый күрөштү ташташы мүмкүн же элчи болуп кетиши ыктымал. Текебаев өзүнүн келечегин жана мурда өткөн жолун тазалашты ойлоду. Анын саясый салмагы күчтүү болгону үчүн ушундай талаптар менен сүйлөшүүлөр жүргөн (!) деп эсептейм.
-- Айзаданын өлүмүндөгү милициянын иш аракети тууралуу эмне айта аласыз? Бул ишке тийешелүүлөрдү кызматтан алып коюу эле жетиштүүбү?
-- Эгерде Айзаданын өлүмгө учурап калганына кандайдыр бир деңгээлде милициянын тийешеси болсо, анда алардын кызматтан кеткени жөндүү. Мисалы, Грузияда командадагы бир киши кайсы бир ишке күнөөлүү болуп калса, анда бүт команда отставкага кетет. Бизде дагы ушул сыяктуу катуу система колдонулбаса, баягы эле кайдыгерлик жана кенебестик улана берет.
-- Марат Казакбаев мамлекетке чыккынчылык кылган деп кармалбадыбы. Ал киши кандай жолдор менен бул иштерге аралашып калышы мүмкүн эле?
-- Менин билишимче, Марат Казакбаев Абдил Сегизбаевдин кезинде УКМКнын структурасында аналитикалык группаны түзгөн. Балким ошондо кандайдыр бир маалыматтарга ээ болуп калган же маалыматтардын көчүрмөлөрүн алып калган. Чыккынчылыгы анык болсо, Сегизбаевге көрсөтмө берүү негизинде кармалды. Бирок, анын кандай документтерге ээ болуп, эмне чыккынчылык кылганын даана айта албайм.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити











