Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Тирүү кезинде сый үстүндө жүргөндөрдүн көбүнө өлгөн соң эстелик коюлбайт”

“Тирүү кезинде сый үстүндө жүргөндөрдүн көбүнө өлгөн соң эстелик коюлбайт”

20-декабрь, 18:35
1 538 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аламанга (толпа) сабаттуу кишинин сөзүнө караганда, түркөй, дөөпөрөс кишинин сөзү кыйла таасирдүү, ынанымдуу угулат.

(Аристотель)


Нөлгө окшош кишилер бар, алардын алдында сөзсүз бир сан турушу керек.

(Оноре Бальзак)


Кээ бир кишилердин колунда шпага болгонго караганда, кээ бир кишилердин колунда жөнөкөй таяк болгону коркунучтураак.

(В.Белинский)


Тирүү кезинде сый үстүндө жүргөндөрдүн көбүнө өлгөн соң эстелик коюлбайт.

(П.Беранже)


Намысты сыйга алмаштырып ийген кишилер бар.

(А.Карр)


Акылдуулар келесоолордон пайда алышат, ал эми келесоолор акылдуулардан пайда алышпайт. Себеби, акылдуулар келесоолордун катачылыгын кайталабаганга аракет кылышат, келесоолор болсо акылдуулардан үлгү алышпайт.

(Кенже Катон)


Кээ бир кишилер сүйлөгөн менен эч нерсе айта алышпайт. Алар канатын канчалык күүлөсө да уча албаган жел тегирмен сыяктуу.

(В.Ключевский)


Адамдар өзүндө барынан ырахат алгандын ордуна, жогуна кайгырганды жакшы көрүшөт.

(В.Белинский)


Адамдар жеке эркиндикти пайдаланбай, өзүндө жок эркиндикти талап кылышат. Аларда эркин ой жүгүртүү эркиндиги бар, алар болсо сүйлөө эркиндигин талап кылышат.

(С.Кьеркегор)


Абийирдүү адамдарды бири-бири менен жакшылык, карапайым адамдарды ырахат, карөзгөйлөрдү болсо кылмыш байланыштырып турат.

(Ж.Ламбер)


Кээ бир адамдар ырга окшош: бат эле модадан калып калышат.

(Ф.Ларошфуко)


Адамдардын үч түрү бар: өзү көргөндөр, көргөзсөң көргөндөр, анан көргөзсөң да эчтеке көрбөгөндөр.

(Леонардо да Винчи)


Алдамчы алдай турган кишисин дайыма табат.

(Н.Макиавелли)


Адамдар өзүн баардык жерден издешет, бирок өзүнөн издешпейт.

(В.Ключевский)


Адамдарды алардын артыкчылыгын эмес, кемчилигин пайдаланып башкарган оңой. 

(Наполеон I)


Көп кишилер деңиздин ары жагында эмне бар экенин көрүүгө аракет кылышат да, көз алдындагыны көргүлөрү келишпейт.

(Кенже Плиний) 


Адамдар жердеги жолдо адашып калганы үчүн эле асмандан жол издешет. 

(Г.Плеханов)


Адамдар ушак-айыңды өздөрүн бирөөлөр ушактаганда гана жаман көрүшөт.

(У.Роджерс)


Латын тилин билсе да эшектен эч айырмаланбаган кишилер болот.

(М.Сервантес)


Кошомат кылган көбүнүн колунан келет, бирок мактаганды баары эле биле беришпейт. 

(У.Филлипс)


Кеңеш укпаган кишиге жардам берүү мүмкүн эмес. 

(Б.Франклин)


Канаты жок болсо да куштардын кээ бир түрлөрү Кызыл китепке киргизилген. Жаратылышта канаты жок кишилер бар. Бирок, алар Кызыл китепке да кирген эмес. 

(И.Шевелев)


Адамдар майда иштер колунан келбей калганда улуу максаттарга умтула башташат. 

(Л.Шестов)


Кээ бир кишилер сен тайгаланып жыгылганыңды, же көпүрөдөн кулап кеткениңди көргөндө гана ырахат алышат. 

(Б.Шоу)


Бирөөнү опузалап коркутууга аракет кылган кишилер өздөрүнүн коркок экендигин гана айгинелеп коюшат.

(Р.Эмерсон) 


“Мен бактысыз адаммын, себеби, оорукчанмын” дейт бирөө. Жок, сен ооруга сабыр кыла албаганың үчүн бактысызсың. 

(Эпиктет)


Адамдар сөзгө окшош: эгер аларды өз ордуна коюп койбосоң маанисин жоготуп коёт. 

(П.Буаст)


Эгер кемчиликтери болбогондо кээ бир кишилердин таланты дегеле билинбей калмак.

(Л.Вовенарг)


Адамдар флюгерге окшош: качан дат басканда гана айланбай калышат. 

(Вольтер)


Акылдуу адамдар бирдеке билиш үчүн окуса, келесоолор башкалар аны билишсин үчүн окуйт.

(Чыгыш макалы)


Адамдар дайыма ушундай: бирөөнү балта менен көзүн ирмебей чапканга даяр, ал эми өздөрүн ийне менен сайса өкүрүп-бакырып кирешет.

(А.Дюма (атасы))


Эпидемия аны айланып өтүп кетсе да кайгырып, өзүн басынтылган катары санаган кишилер бар.

(Эпиктет)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер