Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түбөлүккө кантип жаш бойдон калса болот?

Түбөлүккө кантип жаш бойдон калса болот?

17-февраль, 12:50
1 266 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Негизи адам баласы генетикалык жактан алып караганда жүз жыйырма жыл өмүр сүрүшү керек, бирок реалдуу жашоодо өмүр кыска. Орто эсеп менен япониялыктар 79 жыл өмүр сүрүшсө, австралиялыктар, канадалыктар, гректер 78 жыл жашашат. Немистер менен америкалыктар 76, орустардын, түрктөрдүн жана кыргыздардын өмүрүнүн узактыгы 67 жыл. Ал эми нигериялыктардын өмүрүнүн узактыгы болгону 47 жашты түзөт. Эл аралык дарыгерлер тобу, психологдор жана диетологдор биргелешип, кантип түбөлүк жаш болуунун  жол-жоболорун изилдеп чыгышты. 

1. Өзүңүздүн алсыздыгыңыз жана ооруларыңыз тууралуу азыраак ойлоп, азыраак айтыңыз.

2. Жашоодогу болуп жаткан нерселерге оптимисттик көз карашта карап, андан оңой чыгып кете алам (!) деген ишеничте болуңуз.

3. Көп нерсени билүүгө умтулсаңыз – эч нерседен тажабайсыз.

4. Жаш курагыңыз канчада болбосун, баштан өткөн окуяларыңызды азыраак эстеңиз. Андан көрө келечектеги пландарыңыз тууралуу ой жүгүртүңүз.

5. Эл менен көбүрөөк жакшы мамиледе болуңуз, айрыкча жаштар менен көбүрөөк баарлашыңыз.

6. Өлүм тууралуу ойлонгондо анын кеч келишин ойлоңуз.

7. Өзүңүздүн жаш курагыңызга карабастан, физикалык жактан активдүү болуңуз.

8. Эмоцияга алдырбаганга аракет жасаңыз.

9. Өзүңүздүн күчүңүзгө ишене билиңиз.

10. Жакшы эс алууну унутпаңыз жана жаратылыш койнунда көбүрөөк болуңуз.

11. Көбүрөөк уктап, толук кандуу эс алыңыз.

12. Карылыкты нормалдуу көрүнүш катары эсептеңиз.

13. Басып өткөн жолуңузду кызыктуу жана бекер өткөн жок (!) деген ишеничте болуңуз.

14. Карылыкка моюн сунбай, туруштук бериңиз жана көбүрөөк күлүп жүргөнгө аракет жасаңыз.


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер