Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Согуштан да жаман нерселер бар. Алар: коркоктук, саткындык, эгоизм, өзүмчүлдүк...

Согуштан да жаман нерселер бар. Алар: коркоктук, саткындык, эгоизм, өзүмчүлдүк...

16-февраль, 15:25
901 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коркок – бул керек кезде өлгүсү келбей, керек эмес кезде өлгүсү келген киши.

(Иосиф Флавий)


Чөгүп бараткан кемеден качып чыккан келемиштер “ал эмнеге дале чөгө элек” деп кейишет. 

(Веслав Брудзиньский)


Калган өмүрүңдө өлүк болгончо, бир мүнөт коркок болгон жакшы.

(Ирланд накылы)


Коркок – бул аялы, балдары, күрөөгө коюлган баатыр.

(Марвин Китмен)


Коркок коён күлкүнү келтирет, баатыр коён ого бетер күлкүнү келтирет.

(Веслав Брудзиньский)


Баары эле өлөт, бирок, коркоктор эч натыйжасыз, бөөдө өлүшөт.

(Эрнест Хемингуей) 


Согуштан да жаман нерселер бар. Алар: коркоктук, саткындык, эгоизм, өзүмчүлдүк...

(Эрнест Хемингуей)


Коркуу – калптын түбөлүк жаншериги.

(Уильям Шекспир)


Коркуунун кулу болуу – кулчулуктун эң жаман түрү.

(Бернар Шоу)


Коркоктук акыл-эсти алып коёт.

(Ф.Энгельс)


Коркунуч дайыма корккондордун жанында жүрөт.

(Бернард Шоу)


Коркуп, качып жөнөгөн киши коркок; коркуп, бирок качпаса, аны али коркок дебеш керек.

(Федор Достоевский)


Мен коркок эмесмин, бирок коркуп атам.

(“Полосатый рейс” фильминен)


Келесоолор сүйлөшөт, корккоктор унчугушпайт, даанышмандар угушат.

(Карлос Руис Сафон)


Мен качкан коркоктук деп ойлойм. Ал коркунучтан качуу дегенди билдирет. Ал эми коркунуч болсо биздин турумушубузда өтө сейрек кездешет эмеспи.

(Оскар Уайлд)


Коркуу – бул коркоктуктун далили эмес, баатырлыкка мүмкүнчүлүк.

(Джон Маккейн)


Коркок болсоң өзүңдүн эмнеге жөндөмдүү экениңди билбеген бойдон өтүп кетесиң.

(Бодо Шефер)


Же сен өлүк баатырсың, же тирүү коркоксуң.

(Джонни Д. (Public Enemies)


Бул дүйнөдө баатыр болуп көрүнгүсү келген коркоктор толтура.

(Дордж Мартин)


Өзүнүн коркоктугун жеңе билгенден өткөн эрдик жок.

(Ольга Громыко)


Эч качан коркок менен кеңешпе, анткени ал  чечкиндүүлүгүңдү бошоңдотуп, сенин көзүңө кичинекей нерсени чоң кылып көрсөтөт.

(Али ибн Абу Талиб)


Коркоктор гана ташбоор болушат.

(Александр Васильевич Суворов)


Кээ бирөөлөр качкандан коркконунан эле баатыр болуп көрүнүшөт.

(Михаил  Жванецкий)


Айланасында жалаң коркоктор болгондо адам өзүн жалгыз сезет.

(Альбер Камю)


Мээси коркоктор бар, анан жүрөгү коркоктор бар.

(Станислав Ежи Лец)


Этияттык менен коркоктукту чаташтырбаш керек, сударь. Этияттык – бул жакшы нерсе.

(Александр Дюма)


Коркоктор бийликке ээ болуулары керек, бийлиги жок болсо корко беришет.

(Станислав Ежи Лец)


Коркоктор кан майданга чыгышпайт, алар буктурмада жатышат.

(“Керемет кылым” фильминен)


Жанындагы киши кошо корксо, коркок жандана түшөт.

(Умберто Эко)


Баатырдык эркекке кандай зарыл болсо, аялга абийирдүүлүк да ошондой эле зарыл. Мен коркок эркектер менен абийири жок аялдарды жек көрөм.

(Наполеон I)


Ар бир коркок биологиялык жактан абийирсиз.

(Гарегин Нжде)


Каякты караба – чыккынчылык, коркоктук, калпычылык.

(Николай падышанын тактан кеткен соң күндөлүгүнө жазгандарынан)


Өлүм өтө деле коркунучтуу эмес, коркоктук эле аны коркунучтуу кылып ийет.

(Герберт Уэллс)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити




Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер