Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 14-февраль “Ыйлаак кемпир” күнү экенин билесиңерби?

14-февраль “Ыйлаак кемпир” күнү экенин билесиңерби?

14-февраль, 16:46
1 110 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызда «Токсондун түшкөнү, чилденин чыкканы жаман” деген сөз бар. Жылдыз санап, мезгилдин тамырын кармап, жарым жылдык аба ырайын алдын ала билген кыргыздардын бул айткандарында калет жок... Кочкордо өткөн доордо “Эсенбай эсепчи” деген жашап өтүптүр. Кышта жаз менен жайдын, жазда күздүн, жайда кыштын кандай болорун астын ала айтып койчу экен. “Эсенбай эсепчи” чилденин чыгышын төрткө бөлчү экен. Бул тууралуу интернет булактарына жарыяланды.

I. 19-январдан баштап “Кырк жигит” деген чилде кетет. Бул 12 күнгө созулат. Кырк жигит кетип жатканда кычыраган суук болуп, жигиттик мүнөзүн көрсөтөт экен.

II. 2-февралдан баштап «Кырк кыз» кете баштайт экен. Бул да 12 күнгө созулат. Кырк кыз кетип жатканда кыз кыялындай бирде күн жаркырап тийсе, бирде жамгыр жаап, бирде карлап бат-бат өзгөрүү болот экен.

III. 14-февралдан баштап «Ыйлаак кемпирдин» кетүүчү күндөрүнө кезек келет. Ыйлаак кемпир биринчи жумасында кар аралаш жамгыр жаадырып, жумшак кирет экен. Анан короо жайга, босого аттап үйгө баш багат имиш. Экинчи жумасында жиндеп, ошондо 20-26-февралга чейин кар борошолотуп, шамалдатып улутуп, чаң тополоң чыгарып, Куйругу менен козу калды кокуй… Өркөчү менен тайлак калды кокуй… Эмчеги менен кыз калды кокуй… Алчумду толук алалбадым кокуй…” деп ыйлап кетет имиш.

IV. Анан 27-февралдан баштап 11-мартка чейин «Токсондогу чал» кетет. Токсон чыгып атканда бирде кар аралаш жамгыр жааса, бирде күн жаркырап тийет. Муну «Токсондогу чал ары-бери онтоп, оодарылып атат» дешчү экен. Ошентип, кыргыз эсебинде толук жаз 11-марттан кийин келет. Ушул төртөөнүн ар биринин чыгышына карап жаздын, жайдын кандай болорун аныкташчу тура.

Маселен, «Ыйлаак кемпир» кар борошолотуп, боздоп, моокуму кана бугу чыкпай калса, «силерди элеби, эсебиңерди табам, ары-бери 40 күндө болбосо 90 күндө сөзсүз кайрылам» деп кетет имиш. Ошентип жазда, апрель айында же май ичинде кар жаап, үшүк жүргөнүн «Ыйлаак кемпирдин өчү калбады беле? Оңбогон мастан акыры келип бугун чыгарып кетти» дешет.


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер