Мотиватор Аксана Рыскулова комфорт зонадан кантип чыгуу керектигин айтып, кеңештерин жолдоду.
Ийгиликтүү адамдардын ыкмасы боюнча, сиз ар дайым комфорт зонадан чыгып турушуңуз керек! Анткени, адам комфорт зонасында болгондо эч нерсе жасабайт.
Ал эми тескерисинче, адам ыңгайсыздык зонасында болгондо, анын көзү ачылып, аракет кыла баштайт. Ошол себептен, мен Москва шаарына көчүп кетүүнү чечтим.
Ал жакта эки ай жүргөн соң, кайра Кыргызстанга келдим. Москва менен Кыргызстандын көп деле айырмасын сезген жокмун. Бирок, Москва шаары мага дагы деле жагымдуу боло элек. Ошондуктан бул жактагы бир нече жумуштарымды бүтүрүп, кайра Москвага кетем. Алдыңкы 1-2 жылда Москваны өзүм үчүн жагымдуу чекке айландырсам, андан ары дагы башка пландарды коём деген ойдомун.
Москвага кеткенимдин дагы бир себебин айтсам, ал жакта көбү изденген адамдар. Ошондуктан, Москвадагы изденген кыргыздар менен иштешүү туура деп ойлойм. Сиз ыңгайлуу зонадасызбы же ыңгайсыз зонадасызбы?
"Азия Ньюс" гезити