Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бул ысыкта күчтүү эмес, акылдуу адам сакталып калат

Бул ысыкта күчтүү эмес, акылдуу адам сакталып калат

22-июнь, 12:44
727 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сен чарчадың. Башың ооруп, көңүлүң жок. Энергия жоктой. Бул жалкоолук эмес. Бул – денең аптап менен күрөшүп жатат деген белги. Өзүңдү сактап калуунун 6 жөнөкөй, бирок ишенимдүү жолу:

1. Суу ичүүнү “по настроению” эмессистемалуу кыл. Жайында чаңкоону кеч сезесиң. Бирок денең саатына миллилитрлеп суюктук жоготуп жатат. Ар дайым жанында суу болсун. Кичинекей ууртам менен. Күнүнө 2,5-3 литр. Салкын, бирок муздак эмес.

2. Суу жетишсиз  минералсыз андан да жаман. Тер менен кошо туз, магний, калий чыгып кетет. Минералдуу суу, электролит аралашмалары же изотоник азыр организм үчүн кымбат ресурс.

3. Кийим  бул “броня” эмес, коргоо. Лён же пахта, ачык түстөгү, кең. Баш кийим кийүү милдеттүү. Териңди коргобосоң, организм муздабай калат.

4. 11:00-17:00 – эрдик эмес, коркунуч. Бул сааттарда көчөдө болбоого аракет кыл. Эгер балаң, ата-энең же кош бойлуу жакының бар болсоэки эсе этият бол.

5. Денеңди кайсы чекиттен муздатуу керек экенин бил. Моюн, билек, колтук, тизенин арты. Бул жерлерге салкын сүлгү же суу кой. Бул жөнөкөй ыкмабирок денеңди сактап калат.

6. Белгилерге көңүл бур: баш айлануу, алсыздык, жүрөк айлануу, дем кысылуу, тердеп ысып кетүү  булар ысык өтүп кеткендин белгилери. Токто. Суу ич. Көлөкөгө өт. Музда.

Бул жөн эле ысык эмес, бул жаңы климат. Ал эми өзүңө кам көрүү  заманбап жашоонун негизги көндүмү. Адегенде өзүңдү сакта. Андан кийин жакындарыңды да унутпа. 


Эрмек Исмаилов

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер