Ар бир үй-бүлөгө жеке дарыгер керек


Айгүл апа ушул айда үч дарыгерге барды. Гастроэнтеролог бир нерсе айтат, эндокринолог башкача диагноз коёт, кардиолог таптакыр башкача дарыларды жазып берет. Эми ал колунда үч бланк, жүрөгүндө шек менен үйдө отурат. Кимге ишениш керек? Кайсысын кармануу туура? Бул көпчүлүк үй-бүлөлөрдүн бүгүнкү чындыгы.
Журнал General Internal Medicine’дин маалыматына ылайык, 35-40% бейтаптар ар кайсы адистердин карама-каршы кеңештеринен улам стресске кабылышат. Бул дарылоону үзгүлтүккө учуратат, ден соолукка да зыян. Ошондуктан, бүгүн эң керек адам – бул үй-бүлөлүк дарыгер, же болбосо сопровождающий врач. Ал сиздин тарыхыңызды, анализдериңизди, организмди билип турат. Кайсы дарылар керек, кайсысы ашыкча экенин түшүндүрөт. Карама-каршы сунуштарды фильтрлеп, эмоциясыз жардам берет.
Үй-бүлөлүк дарыгер – бул сиздин ден соолуктагы навигаторуңуз. Сизди узак жолдо жалгыз калтырбай турган ишенимдүү коштоочу. Себеби, сиздин организмиңизди тааныган бир дарыгер кыска эмес, узак аралыкта жардам бере алат. Анда дарылоо үзгүлтүккө учурабайт. Ал эми кеңеш контекстке жараша так болот.
Ден соолук – бул марафон. Анда ар бир кадам маанилүү. Адашпаш үчүн карта, компас, жаншерик керек. Сизде ошондой дарыгер барбы? Же азыр издеп жүрөсүзбү?.. Бүгүн табылган дарыгер – эртеңки тынч жашооңуздун башаты.
Эрмек Исмаилов
"Азия Ньюс" гезити











