Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Келесоо интеллектти, коркок баатырдыкты, абийирсиз киши кадыр-баркты акчага сатып ала албайт

Келесоо интеллектти, коркок баатырдыкты, абийирсиз киши кадыр-баркты акчага сатып ала албайт

09-февраль, 13:19
806 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эр киши адатта азап тартса да даттанбайт, чабал киши азап тартпаса деле даттана берет.

Эр жүрөктүк каршылык көрсөтүү үчүн керек болсо, баатырлык жамандыкка чабуул коюш үчүн керек.

(П.Буаст)


Ата мекенди коргоодо баатырдык жакшы нерсе, бирок, каракчылыкта көрсөтүлгөн баатырлык – ал жаман.

(А.А.Бестужев Марлинский)


Атак-даңктын эң жагымдуусу, эң улуусу – бул эл тарабынан берилген атак.

(В.Г.Белинский)


Бир деңизге тең кан төккөнгө караганда, бир тамчы көз жашты агызбай койгонго көбүрөөк эрдик керек.

(Джордж  Гордон Байрон)


Баатырдык – бул жандүйнө денени жеңгени.

(А.Амьель)


Чындык дайыма баатыр.

(Чарльз Диккенс)


Шамдагай, эпчил болсоң, министрликке жетесиң,

Ар-намыстуу, эр жүрөк болсоң, селсаяк болуп калышың мүмкүн.

(“Дон Сезар де Базан”)


Келесоо интеллектти, коркок баатырдыкты, абийирсиз киши кадыр-баркты акчага сатып ала албайт.

(Айн   Рэнд)


Кайрат түгөнгөн күнү карылык башталат.

(Андре Моруа)


Баатырдыкты үйрөнүп алуу мүмкүн эмес.

(Иоганн Вольфганг Гете)


Баатырдык – бул талант, ага аракет менен жетпейсиң.

(Василь Быков)


Баатырдык жеңүүчүлөрдү, ынтымак жеңилбестерди жаратат.

(Ф.Делавинь)


Уяты жок баатырдык жырткыч айбанга мүнөздүү сапат.

(Р.Ингерсолл)


Талант сыяктуу эле эрдик да максатка алпарчу жолду кыскартат.

(Л.М.Леонов)


Баатыр болсоң баарын жасасаң болот, бирок, баарына эле жетише албайсың.

(Наполеон I)


Жоокердин баатырдыгы колбашчынын акыл-эстүүлүгүнө байланыштуу.

(Публилий Сир)


Мен айкөл жүрөк кишини гана баатыр катары айтам.

(Ромен Роллан)


Акылы жок батырдык коркоктуктун эле өзгөчө түрү.

(Кенже Сенека)


Эч ким баатыр болуп төрөлбөйт, баатырлар кан майданда жаралат.

(Александр Твардовский)


Мен баардык нерсемен айрылсам дагы кайратыман айрылбайын.

(И.Фихте)


Баатырдык согуш талаасында гана эмес, жөнөкөй турмушта да керек.

(Б.Франклин)


Жашоодо баатыр болгула. Өлгөн баарынын эле колунан келет.

(Роберт Коди)


Эрдик гана бизди өмүр жана өлүм менен байланыштырып турат.

(Людвиг Витгенштейн)


Улуу максат гана улуу эрдикти жарата алат.

(Фазиль Искандер)


Бактылуу болуш үчүн да эрдик керек.

(Берт Хеллингер)


Мүнөзү бекем кишинин байлыгын тартып алсаң болот, бирок эрдигин тартып ала албайсың.

(Виктор Гюго)


Мамат Сабыров
 "Азия Ньюс" гезити

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер