Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Диетолог уктап жатып арыктоону каалагандарга кеңеш берет

Диетолог уктап жатып арыктоону каалагандарга кеңеш берет

18-октябрь, 18:01
1 524 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көпчүлүгүбүз арыктоону, сымбаттуу болууну каалайбыз, бирок баарыбыз эле кантип оңой арыктоонун жолдорун биле бербейбиз. Россиялык дарыгер, диетолог-эндокринолог Анжелина Чиж салмак таштоо үчүн сөзсүз түрдө ачкарын жатуунун кереги жок экенине ишендирет. Ал уйкуда жаткан учурда арыктоо үчүн уктаар алдында эмне жеш керектигин “Доктор Питер”  порталына айтып берди. Адис организмде майды эритүүчү гормон – соматотропин түн ортосуна чейин иштелип чыгарын белгиледи.

“Анын иштелип чыгышы үчүн эки кадам жасоо керек. Биринчи кадам – уктаар алдында сууга бышырылган 2 жумуртканын агын жеш керек. Экинчи кадам – кечки саат 11ге чейин уктоо. Эртең менен салмагыңыз 300 граммга азайганын байкайсыз” дейт ал.

Ошондой эле медик диета кармоо учурунда дагы баш тартууга болбой турган азыктарды тизмектеди. Биринчиден, буларга белок камтыган азыктар кирет: тоок, үндүк, балык, жумуртка, майлуу эмес эт. Алар сөөктү жана иммундук системаны бекемдөө, терини жакшыртуу жана гормондорду иштеп чыгуу үчүн маанилүү.

Мындан тышкары, мөмө-жемиштерде, жашылчаларда, буурчак өсүмдүктөрүндө жана дан азыктарында көп кездешкен була (клетчатка) жөнүндө унутпоо зарыл. Дал ушул диеталык булалар тамак сиңирүү системасынын нормалдуу иштешине, тоюу сезимин сактоого, жүрөк кан тамыр системасынын, кант диабетинин жана рак ооруларынын алдын алууга жооптуу. Андан тышкары, эндокринолог суу балансын сактоонун маанилүүлүгүн эске салды. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер