Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Биздин бийлик сөзсүз түрдө диний радикализмге чара көрүшү зарыл”

“Биздин бийлик сөзсүз түрдө диний радикализмге чара көрүшү зарыл”

04-октябрь, 20:30
1 194 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кыргызстандагы диний радикализмдин курчуп баратышы, талибандар менен кызматташуу кооптондурбайбы? Бул жагынан бийликке кандай сунуш, пикир айтасыз?” деген собол таштадык.

Жылдыз Жолдошова, коомдук ишмер:

-- Бизде диний көз караштар өтө көп, чачыранды, ошону менен бирге ар түрдүү багыттары кирип кеткен. Чынында эле диний радикализм курчуп баратканы байкалат. Ошон үчүн “дин маселесине көңүл бурулушу керектиги, кийинки мезгилдеги түрдүү агымдардын кагылышы биздин ички коопсуздукка кандайдыр бир зыяны тийип калышы мүмкүн” деген сөздү айтар элем. 

Талибандар Афганистандын бийлигин кандуу төңкөрүш менен басып алды. Азыр көптөгөн өлкөлөр байкап турушат, “талибандар менен кызматташууга барсакпы же?..” деп. Болгондо да улуу державалар ошо кызматташуу боюнча кадамдарды таштай элек. Ошондуктан биздин өлкө талибандар менен кызматташууда кичине шашып кеткендей болуп калды. Ал эми Таалатбек Масадыковдун Афганистанга барып, талибандардын тышкы иштер министри менен жолугушуусу – шашып кеткендик. Анткени, кандай гана Афганистан боюнча ою тереңирээк болгону менен биз талибандарга абдан кылдат, этият мамиле жасасак. Дагы бир нерсени эске алганыбыз оң, себеби, элинин 50 пайыздан ашыгы тажик улутунан турарын. Тажикстан менен биздин мамлекеттин ортосундагы жаралган маселелер азыркы күнгө чейин чечиле элек. Албетте, сунуш айтсаң биздин бийлик башкача кабыл алып атат. Бирок, сунушту да уга билген жакшы. Себеби, кандай гана ой-пикир болбосун, сөзсүз түрдө анын ичинен бир-экөөнүн мамлекетке пайдасы тийе турган жагы болот. Ошон үчүн шашылбаш керек. Деги эле тышкы саясатта кылдат мамиле жасаган оң.

Артур Медетбеков, коомдук ишмер:

-- Туура, Кыргызстанда диний радикализм акыркы 5-6 жыл ичинде курчуп баратат. Ага мисал, баарыбыз билебиз, Жакынкы Чыгышта, Сирияда согуш болуп турганда Кыргызстандан миңдеген биздин жаш улан-кыздарыбыз ар кандай жол менен ал жакка кетишип, террордук уюмдарга кирип алышып, кылмыш кылып жүрүшкөн. Мисалы, кишилерди өлтүрүшүп, ар кандай террордук акцияларга кошулган учурларын айталы. Ошол эле улан-кыздарыбыз Сириядан кийин башка мамлекеттерге, анын ичинде Афганистанга оогон жагдайлары да байкалган. Ошону менен бирге диний радикализмди ыйык тутуп, аны менен кошо “Халифат”, “Өзбекстан ислам кыймылы”, “Чыгыш Түркестан ислам кыймылы”, “Джихад уюмунун бирикмелерин” түзүшүп, акыркы убакта Борбор Азияда диний радикализмдин тарашына түрткү болгон учурлар кездешет. Талибандар бийликке келишти, алар жөн эле талибандар эмес, эл аралык деңгээлде белгиленген террордук “Талибан” кыймылы болуп эсептелет. Ал БУУда тактап айтылган. Биздин мыйзамдар боюнча талибандарга Кыргызстанда тыюу салынган. Бирок, ушу террордук топтор бийликке келгенден кийин көптөгөн активисттер, дин менен шугулданган саясатчылар аларды колдоп, куттуктаган учурлар социалдык тармактарда жүрөт. Идеяларын жактырышып, кызматташуу жагын караштырып аткандар да жок эмес. Террордук, ислам динин жамынган “Талибан” кыймылы Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азияда жайгашкан мамлекеттерге өздөрүнүн таасирлерин тийгизе баштады. Келечекте эч ким кепилдик бере албайт, ушулардын идеясына, жасаган иштерине, диндик экстремисттик кадамдарга барбайт (!) деп. Бийлик бүгүнкү күндө бу жагынан кооптонуп турбастан, алдын ала тактоо, аныктоо, көзөмөлгө алуу боюнча профилактика иштерин жүргүзүп, эгер бул боюнча ачык маалымат чыгып, билинип калган учурда тезинен териштирип, тийешелүү чараларды көрүп, жоопко тартуу жана баардык шарттарды колдонуш керек. Диний радикализм бүгүнкү күндө абдан коркунучтуу! Себеби, диний радикализмдин таянычы, алдындагы желеги – бул террордук “Талибан” кыймылы болуп эсептеле баштады. 

Аскар Бешимов, дипломат:

-- “Талибан” менен кызматташуу – бул айла жок кадам. Каалайбызбы-каалабайбызбы талибдер бийликке келди. Муну менен катар эч ким кепилдик бере албайт, “талибдер диний радикализмди Кыргызстанда жок кылат же бар кылат” деп. Биринчиден, “Талибан” менен Тажикистан мамилеси абдан начар, жакын арада мамиле өзгөрбөйт. Ошондуктан Апрель окуясы кайталанбас үчүн талибдер өздөрүнүн таасирин кошуналарга тийгизет. Мындайча айтканда, Борбор Азия мамлекеттеринде талибдердин идеологиясын таркатуу иш-чарасы жүргүзүлөрү анык.  

Акырындап болсо да талибдердин идеологиясы таркап келе жатат, ал көз көрүнөө байкалууда. Ошон үчүн биздин мамлекет, бийлигибиз сөзсүз түрдө ички диний радикализмге чара көрүшү зарыл.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер