Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таңда тургандагы пайдалуу адаттар. Кантип сергек жашоого умтулса болот?

Таңда тургандагы пайдалуу адаттар. Кантип сергек жашоого умтулса болот?

11-октябрь, 06:44
3 249 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дени сак, сергек жашоону кимдер гана каалабайт? Бирок ал үчүн аракет кылгандар аз. «Сөзсүз ушул дүйшөмбүдөн тартып диетага отурам, спорт менен алектенем, жок дегенде таң эрте чуркап арыктоону баштайм» дегендер канча? А бирок убактысы келгенде күнүмдүк турмуштун түйшүгүнө алаксып, пландалган бойдон кала берет. Урматтуу окурман, дүйшөмбүнү күтпөй эле бүгүнтөн баштап пайдалуу адаттарга өзүбүздү көндүрө баштайлы. Ал үчүн ушул макала жардамчы болсун.

· Эрте ойгонуңуз! Дүйнөлүк статистикага көз чаптырсак, эрте ойгонгон адамдын дене түзүлүшү идеалдууга жакын жана мүнөзү жайдары болот. Бул сизге шык берсин.

· Төшөктөн туруп эле терезеңизди ачып, үйгө күндүн нурун киргизиңиз. Бул сиздин уйкусурабай, дароо жанданышыңызга жардам берет.

· Ачкарын бир стакан суу ичиңиз. Сууну кечинде даярдап коюуну унутпаңыз. Жакшысы, кайнатылган сууну муздатып ичсеңиз, сизди сергитип, организмдеги зат алмашууга өбөлгө болот. Кошумча таңкы көнүгүүлөрдү дагы ачкарын жасоого өтүңүз.

· Сөзсүз тамактаныңыз. Кофе – бул тамак эмес! Ойгонгон соң эки сааттын аралыгында бир нерсе жешиңиз керек. Эгер эч жакка барбасаңыз, өзүңүздү иретке келтирип, таза, тыкан кийинип алып дасторконго отуруңуз. Антпесе таң эрте өзүңүздү жүдөмүш сезгениңиз акырындан депрессияга жол таап берет.

·  Курамында белогу бар даамдарды тандоо керек. Мисалы, жумуртка, балык же йогурт.

·  Таңкы медитация. Бул учурда өзүңүз менен сүйлөшпөңүз, жаман нерселерди ойлонбоңуз. Таза аба менен дем алып, тоодо эс алып жүргөнүңүздү элестетип, башыңыздан өткөн жагымдуу көз ирмемдерди эстеңиз.  

·  Ашыкча салмактан арылууга көк чай жардамга келет. Ал организмдеги зат алмашууну тездетип, жыйынтыгында майлардын эришине себепкер болот.

·  10 мүнөт тамашалуу видео көрүңүз же анекдот окуңуз. Өзүңүздү кармабай каалаганча каткырып, эс алып алыңыз.

Жогорудагы кеңештерди аткарам десеңиз, анда эрте уктоо керек. Себеби кеч жатып, эрте ойгоном деп уйкуңуз канбай, өзүңүзгө пайданын ордуна зыян тийгизип алышыңыз ыктымал. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер