Анафилактикалык шок – бул жөн гана аллергия эмес, өмүргө коркунуч!

Эч ким мындан толугу менен корголгон эмес. Кээде бир ууртам жаңы дары же бир кесим мандарин жетиштүү болот. 2-3 мүнөттүн ичинде адамдын деми кыстыгып, өңү кубарып, эсин жоготушу мүмкүн. Бул анафилаксия. Организмдин ашыкча реакциясы. Кан басымы төмөндөйт, дем алуу кыйындайт, жүрөк менен мээ кычкылтексиз калат. Эгер 10-15 мүнөттүн ичинде жардам көрсөтүлбөсө, адам каза болушу ыктымал.
Статистика эмне дейт?
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, 2023-жылы дүйнө жүзүндө 1,1 миллион адам анафилаксияга кабылган. Анын ичинен 20%ы биринчи жолу болгон учурлар. Кыргызстанда расмий эсеп жок, бирок дарыгерлердин айтымында, анафилаксия менен кайрылгандар жыл сайын көбөйүүдө, өзгөчө балдарда жана жаштарда.
Эмне себеп болушу мүмкүн?
-- табигый бал, жаңгак, курма, балык, деңиз азыктары;
-- айрым дары-дармектер: антибиотиктер, сезгенүүгө каршы препараттар;
-- жугуштуу нерселер: аары, чаа, латекс.
Кээде адам биринчи жолу татып көргөн нерседен эле катуу реакция берет. Бул генетикалык, айлана-чөйрөлүк жана иммундук факторлордон көз каранды.
Кандай белгилер менен башталат?
-- тери кызарып, бүдүрлөр чыгышы мүмкүн;
-- тамак “бөгүлүп” жаткандай болот;
-- дем жетпей, какырык кошо чыгат;
-- жүрөк айланып, баш айланып, жыгылып калышы мүмкүн.
Кандай жардам берүү керек?
-- дароо “тез жардам” чакыруу;
-- эгер эпинефрин автоинжектору (мисалы, ЭпиПен) бар болсо, бутка саюу;
-- адамды жаткырып, буттарын көтөрүү;
-- дем алуусуна тоскоол болгон кийимди чечип, аба өткөргүч кылуу;
-- пульс менен дем алуусун көзөмөлдөө.
Эмне үчүн бул тема маанилүү?
Көп ата-энелер “балам мурун жеп жүргөн эле нерсени жеген, эмне болду?” деп таңкалышат. Айрымдар дарыгерлерди күнөөлөшөт, бирок бул алдын ала болжолдоо мүмкүн болбогон абал. Анафилаксия – ал күтүүсүз. Тез жана туура аракет кылган адам өмүрдү сактап кала алат.
Бул маалыматты сактап алып, балаңыз, үй-бүлөңүз менен бөлүшүңүз. Мугалимиңиз же кошунаңыз үчүн бул бир күндө пайдалуу болушу мүмкүн. Биз жардам бербегенден эмес, билбегенден жоготобуз.
Эрмек Исмаилов
"Азия Ньюс" гезити