Уйку тууралуу өтө кызыктуу фактылар. Биле жүрүү маанилүү
Тамаксыз, суу менен киши бир ай чыдаса, уйкусуз бир нече күн араң чыдайт.
Уйкудан калуу тууралуу алгачкы изилдөөлөр 1984-жылы жүргүзүлүп, россиялык илим изилдөөчү М.Михайлова күчүктөр уйкусуз өткөргөн 5-күнү өлүп каларын аныктап чыккан.
***
Жүрөк оорусунун бир себеби – уйкусуздук.
***
Бир суткада 4 сааттан кем уктаган адамдын өлүмү каш-кабактын ортосунда болушу мүмкүн.
***
Айрым адамдар терең уйкуда жатканда дене табы төмөндөйт.
***
Уктап жатканда басып кетүүчү адаты бар элирме адамдардын баары ойгонгондон кийин эмне кылышканын билишпейт.
***
Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү уйкунун айынан болот.
***
Комада жатканда же наркоз алганда адам өзүн уктап жаткандай сезет. Бирок мында мээ иштеп жаткандыктан уйку катары эсептөөгө болбойт.
***
Аристотель тамак-аш ичилгенде уйку келерин алгачкылардан болуп аныктаган.
Коңурук тарткан кишинин жанында уктаган киши бир түндө болжол менен 20 жолу ойгонот. Жыйынтыгында бир сааттык уйкусун жоготот.
***
Уйкудан калуунун олуттуу зыяндары – мээнин курамындагы мелатонин затынын азайышы. Бул зат организмде оорунун өсүшүн жайлатуучу касиетке ээ.
***
Аялдар эркектерге караганда уйкусуздуктан эки эсе көп жабыркайт.
***
Уйку адамдын иш жөндөмдүүлүгүнө жана мээнин иштөөсүнө таасири чоң.
***
Уйкузудуктун айынан унутчаак болуп, иш маселени чечүүдө тоскоолдуктар пайда болот.
"Азия Ньюс" гезити