Адил Турдукулов, саясат талдоочу: “Бийликтин репрессиялык кадамдары оң жыйынтык бербейт”


-- Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы, активисттердин тагдырлары боюнча ой толгосок?.. Буга чейин ийкемге келгендери үй камагына чыгышкан. Ал эми бийлик менен элдешпей, каршылык көрсөткөндөр түрмөдө отура беришеби? Эки жээктин тирешинин аягы кандай тамамдалат болду экен?
-- Азыр Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтү ортосуна келип баратат. Бул ал үчүн кризистик учур, анткени элдин аванс берген убагы да түгөнүп, шайлоочулардын үмүтү дагы азайып, каршылаштары да активдеше баштады. Анткени Жапаров–Ташиев тандеминин 2026-жылдан кийин да такта калуу планы бар. Ошондуктан саясый талааны тазалоо процесси комплекстүү түрдө жүрүп жатат. Ал негизи 5 нукта багыт алган.
1. Оппозициячыл саясатчыларды тизгиндөө (Жеңиш Молдокматов, Равшан Жеенбековду, Айбек Мырзаны ж.б. камоо);
2. Парламентти толугу менен баш ийдирүү (Мадумаровго кылмыш ишин козгоо, жакпаган депутаттардын мандатын алып салуу);
3. Жарандык коомду сестентүү (НКОлорго карата даярдалган мыйзам);
4. Медианы көзөмөлгө алуу (ММКга карата жаңы мыйзам);
5. Көчө активисттердин ишине бөгөт коюу (тынч митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу).
Бирок эскертип коёюн, бийликтин жасаган бир дагы репрессиялык кадамы эч кандай оң жыйынтык бербейт. Аны өзүбүздүн жакынкы тарыхыбыз тастыктап жатат. Маселени айткан адамды камабай, ошонун чечүү жолдорун издеш керек. Ошондо гана бийликтин аброю өсөт. Антпесе кыргыздын жаңы тарыхы көрсөткөндөй, бул жаңы революцияга алып барышы мүмкүн...
-- Өткөн айдын башында бийликти басып алууга, башаламандык уюштурууга шектелген жарандар кармалышкан. Алардын катарында Роза Нурматова, Гүлжигит Исаков да бар. Чындап эле булар туруктуулукту бузууга аракет көрүшкөнбү? Жетиштүү ресурстары бар беле?
-- Жапаров–Ташиевдин кечээки тарапташтары уюшуп, каршылык көрсөтүп баштагандыгы бийликке сигнал болуш керек. Бирок бул чакан топ башаламандык уюштуруп жиберет деп ишенбейт элем. Ошондуктан маски-шоу менен камоонун максаты башка жакта жатса керек. Эң биринчи кезекте Мадумаровдун тарапташтарын коркутуу, анан балким, аларды шыкактап, сырткы күчтөрдү биздин ички ишибизге кийлигиштирбөө аракети болушу мүмкүн.
-- Аз күн мурда Ленин округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер Эртай Искаков Чүйдөгү жол тосууга айыпталып, эки айга камакка алынды. Бул жөнжай гана ээнбаштыкпы, же кандайдыр бир саясый боёкторун талдасак болобу?
-- Суунун башында туруп, элди, өзгөчө дыйкандарды суу менен камсыз кылалбаганы – бийликтин чоң кемчилиги. Бул бат эле саясый маселе болуп кетти. Анткени көйгөй эң оболу Чүй өрөөнүндө жаралды. Ал аркылуу саясый упай топтой ала тургандар пайда болду. Бийлик суу маселесин чече албагандан кийин камоого аргасыздан барышты.
-- Айрым маалыматтар боюнча, күзгө карай Батыш өлкөлөрүнөн каржылык колдоолор келери, көмүскөдөгү саясатчыларды ойготору айтылып атканы канчалык деңгээлде чын болушу мүмкүн? Бүгүнкү бийликти кулатууга ички жана тышкы күчтөрдүн кызыкчылыгы барбы?
-- “Кыргыз тарыхында үч революция болду” деп санап келишет. 2010-жылдагы төңкөрүш толугу менен Кремлдин аракети менен жасалган. Ошонун натыйжасында, АКШнын базасы чыгарылды, өлкө Евразиялык Биримдикке кирди, Өзбекстан–Кыргызстан–Кытай темир жолун куруу аракети токтоду. Ошондуктан биздин мамлекетте чуу салып, дүйнөлүк коомчулукту Украинадан Борбор Азияга көңүл бурдуруу Москва жактан гана болушу мүмкүн. Ошон үчүн буга даяр турушубуз керек.











