Акча үчүн мамиле түзгөн кыздар кандай болот?


Айрым кыздар бир гана акча үчүн мамиле курушат. Байлыкка кызыккан кыздардын тузагына түшүп калбаш үчүн сөзсүз төмөндөгүлөрдү окуп чыгыңыз.
1. Ал ар дайым бактысыз
Кыз турмуштан абдан кыйналып, азыркы учурдан жана келечектен үмүн үзүп койгондой сезилет. Башында кызды аябай аяйсың. Бирок, ал аша чаап, бир нерсе сатып алууга, бир жакка барып келүүгө акчасы жок экенин айта баштайт. Аңдап көрсөң, сүйлөшкөн теманын баары акча жөнүндө болот.
2. Ал бир гана байлык жөнүндө кыялданат
Эгер кыздан кыялы же пландары жөнүндө сурасаң, бир гана материалдык жетишкендик тууралуу угушуң мүмкүн. Ал мыкты курорттордо эс алууну, кымбат унаа айдоону, жакалуу тон кийүүнү, бриллианттарга, миллион долларга ээ болууну каалайт. Сүйүү, үй-бүлө, карьера аны кызыктырбайт.
3. Ал бренд кийимдердин көчүрмөсүн кийип жүрөт
Кымбат кийимдерди алууга чамасы жетпеген кыз сөзсүз алардын көчүрмөсүн кийип алат. Аны эч ким байкабайт (!) деп ойлойт. Баштыгындагы жасалма бренд жазуу менен өзүнүн жеке кемчиликтерин жабууга аракет кылат.
4. Ал ар дайым кымбат, бай көрүнүүгө аракет кылат
Уят болуп калбаш үчүн ал ар дайым гардеробунда болгон жакшы кийимдерин кийүүгө аракет кылат. Киного, кафеге, тойго, дүкөнгө барса деле ал “кымбат баалуу жасалгаларды” (көбүнчө арзан бижутерияны) тагынып алат, ачык боёнот. Ушундай сырткы келбет менен өзүн жогорку коомдон экенин билдиргиси келет.
5. Ал кредит көп алат
Үйүндө кымбат буюмдардын болуусун каалайт. Бирок, акчасы жок кыз кредит ала баштайт. Ал башкалардан кем болбош үчүн акыркы моделдеги телефонду дагы карызга же кредитке алат. Мына ушундай кыздардан коркуу керек.
6. Ал сенден акча алуунун жолун жакшы билет
Ал биринчи жолу акча сурап, аны кайра кайтарбай койсо, мындан жигит эч нерсе болбойт. Бирок, бул кайра-кайра кайталанат. Кыз сенден акча алуу үчүн ар түрдүү амалдарга барышы мүмкүн. Акчалай жардам чеги менен жакшы экенин эстен чыгарба.
7. Ал бир гана акча жөнүндө сүйлөйт
Кандай сөз болбосун, анын аягы акча менен бүтөт. “Акча жетпей жатат” деп арызданат. Сенин акчаң, эс алууң жөнүндө сурай баштайт. Акчалай жардам берсең, баш тартпай тургандыгын айтат. Адамдарды тапкан акчасына карата баалайт. Мындай кыздан жаа бою качуу керек.
Aryba.kg











