Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эртең менен кайсы тамактарды жеген пайдалуу?

Эртең менен кайсы тамактарды жеген пайдалуу?

12-февраль, 11:46
1 661 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаңы сыгылган шире. Күндү жаңы сыгылган апельсин ширеси менен баштоо ашказанды тамак сиңирүүгө даярдайт. Ошондой эле организм үчүн керектүү болгон көп өлчөмдөгү С витаминин курамына камтыйт. Апельсинден башка алма, сабиз сыяктуу жашылча-жемиштердин ширеси да эртең менен пайдалуу болуп эсептелет.

Дан азыктары. Кара буудайдын данынан жасалган нан углеводго, минералдык туздарга, клетчаткаларга жана В витаминдер тобуна бай.

Мөмө-жемиштер. Табигый мөмө-жемиштер курамына витаминдерди, минералдык зат, азык-түлүк буласын камтыйт. Бул таңкы тамак ичеги-карындардын нормалдуу иштөөсүн шарттайт. Анан да жемиштердин баарынын калориясы аз болуп эсептелет.

Сүт азыктары. Таңкы тамакка табигый йогурт ичсе абдан пайдалуу. Курамындагы лактобактерия иммунитетти чыңдайт. Ошондой эле эртең менен сыр жеген туура, ал белок менен кальцийге бай.

Жумуртка. Жумуртка азыктандыруучу заттын толук булагы болуп эсептелет. Курамына фосфор, темир, цинк, жана А, Д, В витаминдерин да камтыйт.

Кофе жана чай. Кофеин менен танин козготуучу касиетке ээ болгондуктан, таң эрте ичүү менен организмдин ойгонушун шарттайт. Кофе менен чайдын курамындагы минералдар менен антиоксиданттар организмдин коргоочу күчүн жогорулатат. Көк чай болсо беттин түсүн жакшыртат.

Бал. Бал жүрөк-кан тамыр системасына пайдалуу. Балдын курамындагы көп өлчөмдөгү фруктоза организмдеги ферменттин өнүгүшүн нормалдаштырат. Эртең менен дайыма бал колдонуу артериалдык кан басымдан куткарат.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер