Мандариндин өзү дагы, кабыгы да пайдалуу

Мандарин кышы бою бизди өзүнүн витаминдери менен багып чыгары белгилүү. Бирок мандарин жөнүндө кеңири маалыматка ээ эмеспиз. Мисалы, көбү эмнегедир акыркы мезгилде Кытайдан келген азык-түлүктөрдөн баш тарта баштады. Ал эми биздин мандариндин түпкү ата-теги дал ушул Кытайдан. Алгач бүтүндөй Азияга таанылганы анын кыштын ызгаарына туруктуулугу болгон. XIX кылымдын башында Европанын жашоочулары мандарин менен таанышып, андан ары баарына билинип, ага болгон суроо-талап күн санап көбөйөт. Мандарин төмөндөгү витаминдерге ээ: В, А жана Р группасынын витаминдери, аскорбин кычкылы, минералдык туздар ж.б. Ошол эле учурда ашказан жана он эки эли ичегиде жарасы болсо, гастритте, же цитрустук жемиштерге аллергиясы барларга жегенге болбойт. Пайдалуулугу жөнүндө айтсак, мандариндин ширеси дененин температурасы көтөрүлгөндөргө, суусуну канбагандарга жана астма менен бронхит ооруларына жардам берет. Ушул эле ширени териге сүртсө, ар түрдүү грибокту дарылаганга көмөк көрсөтөт. Мандариндин кабыгынан жасалган тундурмалар тамакка болгон табитти ачат. Ал эми кайнатмасы жөтөлдү дарылайт. Мандаринден алынган эфир майы депрессиядан кутултуучу жана көңүлдү көтөрүүчү каражат катары белгилүү.
"Азия Ньюс" гезити