Жаз келгенде негедир жандүйнөмө да жылуулук киргенсийт
Мен үчүн ар бир ай өзгөчө. Төрт мезгилдин тең өзүнө гана тийешелүү керемети менен, жаз болобу, жай болобу, күз болобу, же кыш болобу – мага баары жагат. Жаз мезгили келгенде аба ырайы менен кошо эле негедир жандүйнөмө да жылуулук киргенсийт. Адамдын өмүрүн мезгилдерге салыштырсак, аталган убак – жаңыдан төрөлүү, тазаруу жана алгачкы кадамдарды таштоону түшүндүрөт эмеспи. Ошол сыңары, бул мезгилди кыштан кийинки жаңы дем, жаңы күч менен жаңы нерселерди баштоого эң ыңгайлуу учур деп билем. Жаз мезгилинде, өзгөчө март айы дегенде эң алгач жоогазын гүлдөрү, айымдардын бактылуу жүздөрү элестейт...
Башка кыздардай белек күткөндү жактыра бербейм. Анткени күткөн учурда көбүрөөк көңүл калып, же болжолдогон ишибиз көпчүлүк учурда оң жагына чечилбей калмайы бар. Ошол себептен 8-мартта да эч кимден эч нерсе күтпөйм. Жадагалса бул күнү жакындарым сөз менен деле куттуктабай калса таарынбайм жана чынын айтсам, бул нерселерге анча деле маани бере бербейм. Бизди сыйлаган, урматтаган, баркыбызды билген жана жакшы көргөн адам бир гана айымдар күнүндө эмес, ар бир күндү жакшы маанайда өткөрүүгө аракет кылат жана белек берүү үчүн бир себеп издебейт.
Асел Акмат
"Азия Ньюс" гезити