Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Кайненемди сагындым…
Кайненемди сагындым…
02-август, 13:02
463 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Мен кайненемди сагындым! Ал ушундай мээримдүү, ак көңүл, мени өз кызындай көргөн алтын энем эле. Мен болсо ошол мээримине эркелик кылдым. Бир-эки катуу сүйлөп урушуп койсо, жаман көрдүм, мага акыл айтса, “мени жаман көрөт” дедим. Кайненемдин мага жасаган жакшылыктарын эстеп, азыр өкүнөм. Сиздерден сураныч, өкүнүп калбаңыздар! Кайненеңиздерди сыйлаңыздар! Эне – бул сөз кандай улук экенин түшүндүм. Ушул үч сөз дүйнөнү дүркүрөтөт тура. Урушса, акыл айтса, түшүнүңүздөр, жакшы жактарын эстеп жүрүңүздөр. Мен өзүм кечирим сурай албадым. Сиз ар дайым намазымда, дубамдасыз. Аллахым сизди бейиш менен сыйласын, алтын кайненем...
Зуура
"Азия Ньюс" гезити