Жаш келин тууралуу кызыктуу окуя
Бир жигит жаш кызга үйлөнөт. Салт боюнча жигит досторун үйүнө чакырып сыйламакчы болот. Ал базардан союлган койдун бүтүн этин алып келет да, аялына аны бышыруусун буюрат экен. Таңкалган жаш келин бышыра албасын айтат. Ачуусу келген күйөөсү аялынын буюмдарын чогултуп, “мага татыктуу эмес” деп жетелеп атасынын үйүнө алып барат. “Кызыңыз койдун этин бышырганды билбейт тура, жакшылап үйрөтүңүз. Мага мындай тамак бышырганды билбеген аялдын кереги жок. Жакшылап тамак бышырганды өздөштүрсө, ошондо алып кетем” дейт. Атасы “макул уулум, биздикине эки айга калтырып кет, жакшылап үйрөтөбүз” дейт. Арадан эки ай өтүп, күйөө бала келинчегин алып кеткени келиптир. Келип аялынын тамактын түрүн бышырууну үйрөнгөнүн угуп, аябай кубанып, алып кетмекчи болот. Аңгыча кыздын атасы базардан тирүү кой алып келет тура. Күйөө баласына “койду союп даярда, кызым бышырсын, жеп алып кетесиңер” дейт. Күйөө баласы өмүрүндө кой сойбогонун айтат. Анда кайнатасы үшкүрүнөт. “Атаңа айтып бар. Сага жигиттикти үйрөтсүн. Жакшылап кой сойгонду да үйрөнүп кел. Ошондо кызымды алып кетесиң” дейт.
Аялыңды канчалык кемчилиги болсо да, аны жарыя кылбай, өзүң оңдоого аракет кыл. Биринчи өзүңдү да карап көр. Татыктуусуңбу?.. Бир даанышмандан “сен эмнеге эч кимди кемсинтпейсиң?” деп сурашканда, ал “мен башкаларды кемсинткидей ар тараптуу төп келген адам эмесмин да” деп жооп берген экен.
Мидин
"Азия Ньюс" гезити