Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жүрөгүмдү жаралаган сулуу белгилүү артисттин ойношу болуп чыкты

Жүрөгүмдү жаралаган сулуу белгилүү артисттин ойношу болуп чыкты

09-сентябрь, 12:23
1 641 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашоомдо болуп көрбөгөндөй жаман окуяга учурадым. Бегимай экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөнүбүзгө бир жылга аяк баскан. Эмнегедир бүтүндөй жашоомду Бегимай менен бактылуу өткөрчүдөй сезчүмүн. Анын жанында бактылуу болчумун. Жашоодо экөөбүздүн оюбуз дайыма бир жерден чыгып, жетелешип, айланадагылардын баары бизди суктана карачу. Университетте 3-курсту аяктап, келерки жылы үйлөнүү той өткөрүүнү да пландап жүрчүбүз. Ага ишенчүмүн. Болгон сырымды, оюмду төкпөй-чачпай айтчумун. Көрсө, мен бала бойдон эле экенмин. Таптаза сезимдер менен ал кызга берилипмин... 

Ал болсо эчак жетилип, менин жүрөгүмдү жаралаганга да, башкаларга ойнош болгонго да жетишип жүрүптүр. Болгондо да белгилүү артисттин көңүлдөшү катары ойногонуна ынандым. Ага жакын досум күбө болуп, сүрөтүнө чейин тартып алганга үлгүрүптүр. Мен ал сүрөттөрдү Бегимайга көрсөткөндө, дароо өңү өзгөрүп, бирок чындык экенин мойнуна алды. Кечирим сурады. Жалооруду. Жакшы көрөрүн айтты. 

Кечире албадым... Бирок, жүрөгүм ооруду. Жашоомдогу биринчи сокку болду. Бир кездеги алоологон сүйүүмө муздак тамчылар жаап, сөз менен жеткире алгыс сүйүү азабы жандүйнөмдү жаралады...


Азиз

Aryba.kg

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер