Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арадан он жыл өткөн соң классташымды сүйүп калып, азап тартып жүрөм

Арадан он жыл өткөн соң классташымды сүйүп калып, азап тартып жүрөм

03-август, 12:57
1 109 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Менин жашоомдо ойго келбеген көрүнүш болду. Сени мынчалык жактырып калып, өмүр бою сүйүү азабын тартып каларымды эч ойлобопмун. Экөөбүз бир мектепти аяктадык. Окуучулук күндөрүмдө бир ирет чын жүрөгүңдөн өз арзууңду билдирдиң. Бирок, мен сенин сезимиңди олутуу кабыл албай, башка жигиттерди жандап, назарыңды сындырдым. 

Арадан он жыл өткөн соң тагдыр бизди кайрадан жолуктурду. Мен турмушка чыгып, эки уулдуу болдум. Тагдыр экен. Турмушум бузулуп, балдарым менен төркүнүмө кайтып келдим. Элдин агымы менен Орусияга аттандым. Ал жерде иштеп жүрүп, сага капыстан жолугуп калганда бир тууганымды тапкандай кубанганымды айтпа. Алгач барганда оор күндөрдү баштан кечирдим. Жакшы иш табылбады. Балдарымды сагындым. Акчадан кыйналдым. А сен баардык көйгөйүмө жардамыңды аябадың. Бул күндөрү сен балдарыңдын сүйүктүү атасы элең. Үй-бүлөң, жубайың тууралуу сөз кылганда көздөрүң жайнап кетчү. Жүрөгүңдүн тазалыгы менен миңдеген мырзалардан айырмаланып турчусуң. Жаныңда жүрүп, сенин баардык адамдык сапатың суктандырып, ал сүйүүгө айланып кетти. Сени бир көрүп алсам жандүйнөм жай ала түшөт. Күндөн-күнгө сезимим тереңдеп баратты. Баардык кайгымды, сүйүүмдү ичке жутуп, сенден алыстоону туура көрдүм. Чет жакта жүрөмбү, өз шаарымданбы, миңдеген адамдардын арасынан сенин карааныңды издей берем. Бирок, сага эч кимди окшоштура албай келем. Баягы жалгыздыгым кайдан-жайдан жандүйнөмө учуп келет. Менин жандүйнөмдү издеп келет. Мен өзүмдү кар алдында калган, бирок дале тирүү, таажылары күбүлө элек гүлдөй сезем. Ал гүлдөр кайрадан ачылаар бекен?..


Аниса

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер