Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев: “Бюджетке 40 миллиард сом түшпөй калат”

Марлен Маматалиев: “Бюджетке 40 миллиард сом түшпөй калат”

18-июль, 12:28
660 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин пикиринде, пандемияга байланыштуу казынага 40 миллиард сомдун тегерегиндеги акча түшпөй калат. Бирок, бюджеттик оптимизациянын негизинде бир миллиардга чукул акчаны үнөмдөөгө болорун айтууда. 


-- Айрым кесиптештериңиз “Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулушу керек” деген демилге көтөрүп жатышат. Азыр жыйынга чогулуудан майнап чыгабы? 

-- Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуудан кечигип калды да. Маселени башында, каникулга кете электе чечиш керек болчу. Ал эми азыркы кырдаалда чогулуу демилгеси туура, бирок, абалды президент өзү көзөмөлдөп баштагандан кийин, биз тоскоолдуктарды жаратып, кайталанма чечимдерди чыгарып калабыз. Сын айтып, жооп бере турган да күн келет, азыр ар бир мүнөт маанилүү. Мисалы, мен азыркы учурда сунуштарды айтып, көйгөйдү чечүүнүн жолдорун, өзүм жасап жаткан иштердеги кемчиликтердин баарын анализдеп, өкмөткө эки кат жолдодум. Анда биздин комитеттин электрондук макулдашуусу аркылуу бюджеттен үнөмдөлгөн акчанын эсебинен коргоочу костюмдарга үч жүз миллион сом каралып жатыптыр, муну “аз” деп, кошумча “ИВЛ аппараттары менен кычкылтек концентраторлоруна, дары-дармек алууга жүз миллион сом бөлүнсүн” деген чечим чыгарып бердик. Комитеттер ушундай жумуштарды жасай берсе болот. 

-- Сиздер бюджеттин жаңы долбоорун каникулга кетер алдында колдогонсуздар да, мыйзамга кайра өзгөртүүлөр киргизилеби? 

-- Бюджеттеги өзгөртүүлөр парламенттеги бюджет комитети менен сөзсүз макулдашылат. Ошого ылайык, үч жүз миллион сом үнөмдөлгөнү кабарланды, акча илдет менен күрөшүүгө жумшалат. Буга “дагы жүз миллион кошулсун” дедик. Негизи казынада үнөмдөөлөр болот, мен комитеттин мүчөсү катары “мындан тышкары дагы бир миллиард сомдун тегерегинде үнөмдөөгө мүмкүндүк бар” деп айта алам. Керек болсо аларды таап да берем. Өкмөткө жолдогон катымда булар көрсөтүлгөн. 

-- Эл аралык донорлордон келген акчалардын эсеп-чоту боюнча маселе көтөрүлүп жатпайбы, сиздердин комитет муну көзөмөлдөп жатасыздарбы? 

-- Сырттан келген каражаттардын эсебин биздин комитет сөзсүз түрдө алат. Баардык каражат маселеси биз аркылуу ишке ашат. Донорлордон келген акчаларды коротуудагы көптөгөн чыгашаларга каршы чыгып, кайтарганбыз. Ачыгын айтыш керек, каражаттын басымдуу бөлүгү бюджеттеги корголгон мыйзамга ылайык, айлык маяна, пенсия, социалдык төлөмдөргө кетип калды. Анткени чек аралар жабык, бизнестер токтоп, акчанын агымы азайган. Тилекке каршы, керектүү жабдыктардын, жасалма дем алдыруучу аппараттардын алынбай калганы өкүнүчтүү, чоң ката болду. Бирок, эми деле кеч эмес.   

-- Алдыда экономикалык каатчылык болору айтылууда, кандай жоготуулар орун алат?

-- Биз негизги документке өзгөртүүлөрдү киргизип, бул жылга карата 30 миллиард сомду азайтып бергенбиз. Ал учурдагы прогноздор боюнча биринчи июлдан тартып, баардык ишканалар иштеп кетиши керек болчу. Бирок, вирустун экинчи толкуну башталып, мамлекет өзгөчө абал киргизбесе деле бизнестин 10-20%ы токтоп калды. Буга байланыштуу 30 миллиарддан тышкары дагы 10 миллиард сом түшпөй калары болжолдонууда. 

-- Биздеги запастар менен кырдаалдан өз алдынча чыгып кете алабызбы?

-- Албетте, бизде Улуттук банкта запастар бар. Эгерде кыйынчылыктар болуп калса, ал жактагы эки жарым миллиард долларды колдоно алабыз. Азырынча ага тийбеш керек, бирок, сырткы карызды төлөө же ушул сыяктуу нюанстар чыгып калса, аны сөзсүз колдонобуз. 

-- Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал кандай болуп жатат? Сиздеги прогноздор боюнча оору качан басаңдашы мүмкүн? 

-- Чынын айтканда, башында өзгөчө абалды киргизүү туура болгон. Бирок, ал бүткөндөн кийин бизде план “Б” болбой калды. Колубуздагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алган жокпуз. Оору жайылып кетти, эми негизги максатыбыз адамдардын өмүрүн сактап калуу болушу керек. Күндө ичинде аралашып жүргөн адам катары адистер менен кеңешип жатам. Алардын айтымында, Бишкекте кырдаал чокусуна жетип калды, эми ал акырындан ылдыйга кетет. Бирок, региондордо жаңы башталууда. Бүгүнкү статистика да муну так көрсөтүп турат. Демек, аймактарда Бишкектеги сценарий кайталанышы толук ыктымал. Ошондуктан, азыр баардык күчтү аймактарга жумшоо зарыл. Ал эми ыктыярчылардын, жарандык активисттердин, биздин жасап жаткан иштерибиз айласыздыктын амалы болду. Себеби, буга өкмөттүн даярдыгы жок болчу. Элдик штабдардын күчү менен абал бир топ жеңилдеп калды. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, баардык колкабыш кылган жарандарга ыраазычылык билдиргим келет. 

-- Парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча талаш-тартыштар жаралып жатпайбы, сиз кандай пикирдесиз?

-- Эгерде абал ушул бойдон кармалып, же оорлошуп кете турган болсо, шайлоону өткөрбөш керек. Башка мамлекеттердин тажрыйбасын алып карасак, оору пикке жетип, анан кайра түшүп баштайт. Божомолдорго ылайык, Кыргызстан боюнча илдет дагы бир ай аралыгында күчөп, анан азая баштайт. Эгер ушул прогноз туура келсе, шайлоого барышыбыз шарт. Анткени, Жогорку Кеңеш легитимдүүлүгүн жоготуп, баардык кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз болот. Ошол эле бюджетти ала турган болсок, биз кабыл алып бербесек өкмөт кантип иштейт? Бул парламент өзүн жакшы көрсөтө албай калды. Ошондуктан жаңы парламент, жаңы өкмөт келиши үчүн шайлоону эртерээк өткөрүп, вирустун кийинки толкундарына даяр турушубуз абзел.  


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер