Көп жылдан бери күндөшүмдүн кара дуба окутуп жүргөнүң сезип келем


Башында мунун себебин түшүнбөй, ден соолугумдун начарлашын башка нерседен көрүп жүрдүм. Бирок канча жыл өтсө да, бул балээ токтобой жатканы өкүнүчтүү...
Биздин ажырашканыбызга 15 жыл болду. Күйөөмдүн кийинки аялы эки баласы менен турмушка чыккан. Ошондон бери канча убакыт өттү? Менин бүгүнкү күндө аларга эч кандай кызыкчылыгым жок. Мен өз жашоом менен алекмин. Анан менден кызганып, кайра-кайра ар кандай дуба окутуп, жамандык каалоонун кереги жок эле...
Мен ага жамандык каалабайм. Тескерисинче, бактылуу болуп, өз үй-бүлөсү менен тынч жашаса дейм. Анткени мен ал жашоодон эчак эле чыгып кеткен аялмын. Арадан 15 жыл өттү.
Мурун бала үчүн гана кээде сүйлөшүп калчубуз. Азыр балам чоңоюп калды, атасына өзү чалып, керек болсо сүйлөшүп алат. Демек, биздин ортобузда ал ойлогондой эч кандай мамиле жок.
“Эне катары балаңдын келечегин, үй-бүлөңдүн тынчтыгын биринчи орунга кой. Жашың да бир топко келип, жашоону түшүнө турган куракка жеттиң. Ошондуктан өч алуу, кызганыч же бирөөгө жамандык каалоо менен өзүңдүн да, балдарыңдын да келечегине көлөкө түшүрбө!” демекчимин.
Гүлнура











