Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турмушка чыгып, үч кызымды кор кылып аламбы деп корком?

Турмушка чыгып, үч кызымды кор кылып аламбы деп корком?

13-июль, 20:08
564 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

23 жашымда өзүмөн эки жаш кичүү балага турмушка чыктым. Аны сүйүү деп айтууга болобу же болбойбу билбейм. Артымдан ээрчип «сүйүү жашка карабайт» деп жатып алган. Кайын-журтум деле каршы болгон жок, баары менен тил табышып жашап кеттик. Улуу кызыбыз төрөлүп бир жашка чыкканда шаарга иштегени келдик. Мен тигүү цехине, ал кароолчу болуп жумушка орноштук. Тикмечилердин жумушу керээлден-кечке бир бөлмөдө баш көтөрбөй иштемей эмеспи. Кечинде үйгө барып эле жыгылам. Күйөөм жумушка кечкисин кеткендиктенкээ күндөрү келбей калчу. Ошентип күнүмдүк бүтпөгөн көроокат менен күрөшүп жүрүп, дагы эки кыздуу болдук. Жолдошумдун жумушу бир күн болсо, бир күн жок. Кароолчу болуп кафеден, бассейнге чейин иштеп жүрдү. Ал жактан да тажаганда үйдө отуруп калды. Жок дегенде мен иштеп турайын деп жанталашып, күнү-түнү кийим тиктим. Жөнөтөбүз дегенде кээде түнү менен жумушта калчубуз. Анымды күйөөм түшүнбөй кызганып, ар кимге жабыштырып, айламды кетире баштады. Ишенбесең жаныма иште дедим айлам кетип. Өзүм бутумду тарта албай араң келсем, тиги мээмди жейт. Күн сайын урушканы көбөйүп, кийинчерээк кол көтөрө баштады. Кээ күндөрү балдар уктаганда сабап, чуу чыгарат. Акыркы күндөрү ал кызганып сабай берип, психологиялык жактан ооруп калдым. Психотерапевтке барып болгон окуяны айтып берсем, «андай адам менен жашаш оор» деди. Чындап эле эмне кылышты билбей калгам. Өзү да чоң неме болчу, бир күнү жыга чаап өлтүрүп койбойбу?” деп корко баштадым. Акыры ал үйдө жокто кыздарымдын кийим-кечесин чогултуп алып, үйдөн качып кеттим. Кийин алдыман чыгып майып кылып салбаса экен деп көпкө чейин коркуп жүрдүм. Андан бери эки жыл өттү.

Азыр калаадагы тигүү цехтеринин биринде иштейм. Үч кызымды тапкан акчам менен эч нерседен кем кылбай багып жатам. Каралашаар апам бар. Тытынып иштеп жатып, күн менен түн кандай өтүп жатканын билбей деле калгам. Бир күнү туугандар аркылуу бир бала менен таанышып калдым. Сыягы, тааныштарыбыз ага мен тууралуу айтса керек. Үч кызың болсо сени алам деп бирөө деле карабайт да деп ал балага көңүл деле бурган жокмун. Бирок анын мага болгон камкордугу, кыздарыма жасаган мамилеси жага баштады. Мамиле куруп баштаганыбызга беш айга чукулдап калды, жакында эле колумду сурады. Күтүүсүз болду. Анүстүнө ал бала мага чейин турмуш курган эмес экен. Жаш баланын башын айлантып алгансып, өзүмдү аябай жаман сезип жүрдүм. «Бул тууралуу ата-энең укпасын. Үч балалуу келинди эмне кыласың? Башка жайнаган жапжаш кыздар жүрөт» десем болбой койду. Ата-энесине түшүндүрүп айтарын билдирип, кыздарды өз кызындай багып аларын айтты. “Ойлонуп көрөм” деп коюп кетип калдым.

Чынын айтсам, мен ал баланы жакшы көрөм. Бирок «сүйдүм» деп ага турмушка чыга албайм. Себеби менин үч кызым бар. Аларды бирөөгө кор кылып, башканын көзүн караткым келбейт. Жаңы барган жерим мени жактырса да, үч кызымды жерип, өгөйлөп турса эмне кылам? Колумду сурап жаткан баланы да кыя албай жатам. Анткени ал бизге жакын адамдай болуп калды. Азыр санаам санга бөлүнүп, эмне кыларымды билбей дендароо болуп жүргөн кезим.

Гүлнур
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер