Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жашоомду бирге улантууга даярмын

Жашоомду бирге улантууга даярмын

07-май, 12:00
652 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айнура Туйбаевага!

2019-жылы күз айларында мамкаттоо мекемесине барган элем. Атайын айылдан келип, үлүш жеримдин кызыл китебин жаздырганга. Ошондо Айнура айымды биринчи жолу көрүп, назарым түштү. Сулуу, өзү курактуулардан аябай эле жаш көрүндү. Боюнда бар окшойт, мүмкүн андай эместир... Аз өтпөй ошо мамкаттоонун башчысы Алмаз Мамбетов менен машинеде түшкөн сүрөтү дешип, эл дүрбөп калды. “Эл оозунда элек жок” экенин билебиз. Ушак, атайын жамандоонун арты жакшы эмес. Аны кээ бир адамдар уруп ойнобойт сыңары. Мага катуу тийген. Жактырып, качандыр бир жолукканда Айнурага өзүмдүн сүйүү сезимимди билдирип, керек болсо андан аркы жашоомду бирге улантууга даярдыгымды айтам деген таттуу кыялыма балта чапкандай болду. Көпкө чейин “ушак эле болсо экен, мен жактырган сулуу айым андай жаман иштерге барбаса керек” деп жүрдүм. Үлүш жеримдин кызыл китеби алигүнчө бүтө элек. Жакында шаарга барам. Сага жолукканга аракет кылам, ал күндөрдү чыдамсыздык менен күтүүдөмүн.


Алишер  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер