Ажырашып кеткениңизди айтып, жүрөккө бүлүк салдыңыз...


(Аида Саляновага!)
Сизди жыйырма жылдай убакыт мурун Жогорку Кеңештен көргөн элем. Бир сырдуу айым катары сезилгенсиз. Жигиттик кызыгуум артылып, агездеги депутат байкемен сурасам, дароо мындай жооп берди: “Аида түз жүргөн, принципиалдуу кызматкер, өсө турган кадр. Үй-бүлөсү бар!” дегени эсимде. Эмнегедир ойго батып калгам.
Ошол боюнча жол арбытып, кийин юстиция министрлигине орун басар, анан 2010-жылкы төңкөрүштөн соң министр болуп калганыңызды билем. Менимче, Роза Отунбаева карьералык секирик жасашыңызга себепчи окшойт. Андан соң Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен башкы прокурорлук кызматка бардыңыз. Жадымда, эң популярдуу кезиңиз ошол мезгил эле. Жумуш боюнча да баарлашканбыз... Калыс талдоодон алсак, көп жылдар бою юристтик кесиптин тепкичтерин ырааттуу түрдө басып өтүп, өз аракетиңиз, эмгегиңиз менен саясый жогорку даражага жете алганыңызды баалайм. Эл колдоп, депутаттык ишмердикти да ийгиликтүү аткардыңыз. Албетте, коомчулук анча билбеген саясый оюндардын курмандыгы катары түрмөгө да түшүп, азап көргөнүңүзгө өкүнгөм. Кыйын кезде сыртыңыздан колдоого да алдым, жөн гана...
Убакыттын өрүшүнө карай адам дүйнөсүнүн баалуулуктары өзгөрөт тура. Жакында соцтармактан кыска видеону көрүп калдым. Эки жыл мурда ажырашканыңызды айтып, жүрөккө бүлүк салдыңыз. Таңгалдым. Жүзүңүздө кичине карылык, ошого катар акылмандык байырлап, дегеле оор жүктү артынып алгандай туюлдуңуз. Кандай болгон күндө да сизге бакыт каалап, жаратмандык иштердин өтөөсүнө чыгышыңызга тилектешмин! Инсандын руханий жактан өсүүсү, жандүйнөсүнөн бийиктикке чыгуусу өтө маанилүү. Ооба, сизди ушундай жолдон байкадым. Оболой бериңиз, кыргыздын баатыр кызы! Жылуу маанайда баалагым келет...
Арсен
"Азия Ньюс" гезити











