Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кылыктанасың. “Азоомду” агытып ийдим...

Кылыктанасың. “Азоомду” агытып ийдим...

28-февраль, 02:31
3 425 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыштын акыркы айы. Көл жээгиндемин. Иштерге шылтоолоп келгем. Пансионат. Ысык сууга түшүү үчүн атайын бөлмөгө кирип калдым. Кара торусунан келген келин тейлейт экен. Жаш курагы отуз чамасында. Жоолукчан, узун кара көйнөк кийип алыптыр. Ал мага ваннадагы сууга кандай түшүүнү көрсөтүп, өзү ары карап, иштерин жасай баштады. Мен халатымды чечип, дырдай жылаңачтана ысык сууга кирдим. Бууланат. Көпкө чыдай албадым. Эки минутага жетпей эле чыга качтым эй. Береги келин таңкалгансып карап калды...

--Ысык экен!-дедим.

--Он минутага чейин жатыш керек эле...

--Мага жетет. Сиздин атыңыз ким?

--Диля.

--Кыян.

Экөөбүз андан ары жылуу маанайда тил табышып, баарлаша кеттик. Оор басырыктуу, чырайлуу айым экен. Телефон номерин алдым. Чогуу тамактанууга чакырдым. Сыпайы маанайда коштоштук. 

Эртеси кечинде болжошкон убакытта пансионаттын сыртындагы кафеден жолугушуп, бирге тамактанып отурабыз. Ачык маанайда сүйлөшүп. Сыртынан басмырт көрүнгөнү менен сөзгө чебер, куйкум сүйлөгөнү жакты. Экөөбүздүн жылдызыбыз тез эле келишти. (Башка бир “дөңгөч” болгондо өмүрү ийите алмак эмес.) Акыры пансионаттагы бөлмөмө чакырдым. Көздөрүбүз чагылыша түштү. Ал кичине кыйылгансып, бирок башын ийкеди. Түнкү 12.00дө келмей болду. Ушундай ичи-коюнду ысыткан ирмемдерди күткөнгө не жетсин?..

Мен ага чейин бассейинге түшүп, массаж да алганга үлгүрдүм. Болжогон убакытта эшик тыкылдады. Желбегей жамынып алыптыр. Ээгине кыстара байлаган жоолугу, кара көйнөгү гана кичине комсоо көрүнбөсө, ажары жаркып, көрктүү эркекти тамшандырат го, чиркин. Эх, жалган дүйнө... Экөөбүз жарым сааттай чай ичтик. Анын көздөрү жашылдангандай болуп, бир башкача коюланып көрүнүп атты. Адатымча акырын колдорунан кармадым. Жылуу, үлбүрөк. Жүзүнөн сүйдүм. Имере кучактап, алкымынан жыттадым. Жүрөгү дүкүлдөп согуп атканы угулду. Узун көйнөгүн өйдө көтөрдүм. Көркөмдүү соорусун сыласам, чатырайт, делебени ансайын козгоп баратты. Шымымды тешип чыкчудай болуп, тиги “азоом” да токтой турчу түрү жок... Бекем кыналыша түштүк.

--Өзүм чечейинчи?..-деди шыбырап.

Жоолугун, көйнөгүн креслонун кырына акырын койду. Маңдайымда ич кийимчен аялзаттын асылы, кичине уялгансып турат. Мен да делдиреп, карап калыптырмын. Бой-мүчөсү мынча көркөмдүү экенин ойлобоптурмун да. Денеси чың, келишимдүү. Кулпурат. Наз. Сүрөттөп жазуу да кыйын (аң-сезимге доо кетет)... Мен да шаша-буша чечине салып, Диляны боорума кыстым. Экөөбүз диванга бой таштадык. Көздөрүн жуумп, таттуу өбүшсө дене боюң чымырайт... Ич кийимдерин ара-чолодо шыпырдым... Саамга ойдолоктоп, кылыктанып, анан жоон сандарын эки жакка ачып берди. Жыбылжыган уясына “азоомду” агытып ийдим... 

--Акырын... Ай, а-ах!..-деди белимен сыга кучактап.

Анан көрүп ал, эриндери бири-бирине тийбей, мукамдуу онтоп, көзүн чылк жумган боюнча моюнун созо демигип, колдору бирде менин жамбашымды, белимди сылай кармап, туйлап жатты... Эриндеринин татымы бал, гүл жытындай аңкыган аваз, өбүшө кетсе магниттей жабышып... Мен да ансайын жиреп, таштан-ташка урулган толкундардын ылдамдыгынан ашып, жыйрылып-түйүлүп, дүңүрөңдөй “жанчып”... Төрүнө дейре кагып аттым... Периштем башта тарткынчыктап атса, убакыттын өтүшү менен ачылып, туйлап, жалбарып жатты. Экөөбүз чай кайнам убакытча камыр-жумур болуп, акыры көздөгөн кумардын туу чокусуна жетип жыгылдык... Үстүнөн турбай жатам. Балкыган денесине коргошундай эле куюлуп калгансыдым...

Ошентип, экөөбүз ал таңды атырдык. Түнкү оюн эстен кеткис болду. Эртең менен ысык коштоштук. Мен Бишкекке жөнөдүм... Убакытты кара, андан бери эки жумадай өтүптүр. Экөөбүз күнүгө сүйлөшөбүз. Арзуу СМСтери... 

“Өзүм чечейинчи?..” деп шыбыраган үнүң... Ыргып ойгоном... Мен сага качан жетем? Аялзаттын асылы! Ооба, аз калды. 8-мартта барам...

Кыян Сары

Aryba.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер