Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Көзүмө чөп салган аялымды кечире албаганыма өкүнөм”

“Көзүмө чөп салган аялымды кечире албаганыма өкүнөм”

22-февраль, 11:54
797 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Спутник кж” сайтына "Психолог менен баарлашуу" рубрикасына аялы менен ажырашып, бирок акыры арманда калган жигиттин каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы! Аялым менен эки башка жолго түшкөнүмө абдан өкүнүп турам. Мындан төрт жыл мурун аялымдын башка бирөө менен жолугушканын көрүп, ажырашып кеткем. Аялыма бир да жаман сөз айткан эмесмин. Болгону кийимдеримди жана баламды алып үйдөн чыгып кеткем. Ал кезде уулум беш жашта болчу. Азыр мектепте 3-класста окуп жатат. Баламды бир айдан кийин ата-энемдикине таштап, өзүм шаардан батирге чыгып, иштеп жүрдүм. Ал кезде аябай ачуулуу элем. Жиним келип, аялым чалса да телефонду албай жүрдүм. Анан ал иштеген жериме бир нече ирет келип, ыйлап кечирим сурады. Мен көгөрүп такыр кечире албай койдум. Укмак турсун, көргүм келген жок. Ошентип акыры келбей да калды. Балабызды көргөнү бир эле жолу айылга барыптыр. Анда да апамдан тил угуп, балама жолугуп кайра кетиптир. Кийин баланы алып келип жолугуштургум да келген жок. Аны ошентип жазаламак болдум.

Арадан үч жыл өткөн соң турмушка чыкты. Аны менен да алты айдай эле жашап, ажырашып кетти. Кайрадан мага келип кечирим сурап, "жарашалы" деп маңдайымда ыйлап турду. Бул ирет сүйлөштүм. Абалын, кебетесин көрүп боорум ооруду. Кантсе да бир кезде жакшы көрүп алган жубайым, баламдын апасы да. Ажырашкан себебин сурасам, аны ичинен мага салыштыра бергенин айтты. Анан да кол көтөрүптүр. Ошону менен эки башка жолго түшүшкөн экен.

Азыр аялым турмушка чыга элегинде кечирип, элдешип албаганыма өкүнөм. Эми мына, балам эне мээримин көрбөй өсүп жатат. Үчөөбүз үч жакта калдык. Жашым да өтүп баратат. Кырктан кийин бирөөнү сүйүп-күйүп деле кете албайт экенсиң. Көктүгүмө салып, өзүмчүлдүгүм менен баламдын жашоосун, алтын уясын өз колум менен талкалап алгандаймын. Ооба, аялым да күнөөлүү. Бирок кечирим сурап далай жалдырады. Менин көктүгүм эле баламдын бактысынан жогорубу? 

Эми баары кеч. Турмуштан ажырашып келген аялыма кайра кантип үйлөнмөк элем. Жоро-жолдоштор да билет. Алардын сөзүнө терикпесем деле башка менен жашап келгенин унутуп, эч нерсе болбогондой жашай албайт экенмин. Же башка бирөөгө үйлөнүп эле өзүмчө жашап кетсем, баары унутулабы? Кандай кылсам туура болот?
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер