Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Тоюм болгон күнү “ажырашкан” деген атка кондум”

“Тоюм болгон күнү “ажырашкан” деген атка кондум”

19-октябрь, 12:18
1 741 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2020-жылы өлкөдө 40 миңге жакын жуптун никеси расмий каттоодон өтсө, 9 миңден ашуун үй-бүлөнүн очогу бузулган. Ажырашуулардын көбү Бишкекте, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облусунда катталган. Айрым үй-бүлө 1-2 жылга жетпей эки ажырым жолго түшсө, 30 жылдан ашык чогуу жашаган жубайлар арасында да эки жолду тандагандары жок эмес.

Айнура 20 жашында жеңеси тааныштырган жигитке турмушка чыгууга макулдугун берген. Кудалар таанышып, калың, сеп бычылып, той күнү белгиленет. Кыз узатуу Айнуранын айылында болсо, той Оштогу мейманканалардын биринде өткөн.

«Жеңем тааныштырган бала менен бир айдай эле сүйлөшүп, үйлөнөбүз дедик. Ал менден 4 жаш улуу эле. Ата-энем айылдан той беришти. Мен турмушка чыга турган бала шаарда жашагандыктан, экинчи тойду Ошто кылдык. Мейманканада кудалар сөздүн айынан катуу урушуп, бири-бирине кол көтөргөнгө чейин барышты. Биз аталарыбызга болушуп, сөзгө аралашып калдык. Жолдошум мага ачууланып, ошол жерден талагын берди. Бири-бирибизди жакшы билбегендиктен, тоюм болуп аткан күнү ажырашкан деген атка кондум» дейт Кара-Кулжа районунун тургуну Айнура.

t-media.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер