Каржы министри менен Мамлекеттик каржы көзөмөлдүн статс-катчылары ротацияланды
КРдин премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, КРдин Каржы министрлигинин статс-катчысы Ж.Нурматованы КРдин Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каржылык жөнгө салуу жана көзөмөл кызматынын статс-катчылыгына, ошондой эле аталган кызматтын статс-катчысы А.Шамшиевди Каржы министрлигинин статс-катчылыгына ротациялоо Буйругуна кол койду.
Эске салсак, буга чейин КРдин Мамлекеттик кадр кызматынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңешинин демилгеси менен Каржы министрлиги менен Мамлекеттик каржылык көзөмөл кызматынын статс-катчыларын алмаштыруу сунушу киргизилген.
Жобого ылайык, аткаруучу мамлекеттик органдын статс-катчыларын ротациялоо премьер-министр тарабынан жүргүзүлүп, Кеңештин макулдугу менен жана ротация жасалуучу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин кат түрүндөгү макулдугу менен ишке ашат.