Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Куралданган үй... Капастагы келиндин кусасы

Куралданган үй... Капастагы келиндин кусасы

07-февраль, 13:36
595 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шаар четинде жайгашкан заңгырап салынган үй. Дарбазалары да өтө бийик. Ичине кирсең, андан өткөн айтып бүткүс жомоктогудай. Чоң терезелер. Ар бир бөлмө өзгөчө, жаңыча эмеректерге толтурулган. Бөлмөдө катылуу сыр, сыйкыр жаткандай... 

Менин күйөөм Артур түркүн ок атуучу куралдарды чогултууну жактырат. Бир бөлмө толо түрдүү ок атуучу куралдар. Ар убак ал бөлмөнү негедир коркуу менен карайм. Эшиги анда-санда гана ачылат. Мен өмүрүмдө көрбөгөн түрдүү кымбат баалуу терилер. Сувенирлер. Деги койчу, бул үйдө эмне гана жок дейсиз. Муздаткыч толо түрдүү тамак-аш. Баары бар. Бирок, жалгызмын. Жападан жалгызмын. Күйөөм күн аралата капысынан келет. Үйгө андан башка жан баш бакпайт. Кээде гана жакын досторун ээрчитип келет. Ата-энемдикине же башка жумуштар менен чыксам, баары анын көзөмөлүндө. Анын ар бир келүүсүнөн заарканам. Ар убак жүрөк түпөйүл. Таң агарат. Чоң терезелердин пардасын ачам. Күнгө тигилип көпкө турам. Кайрадан пардалар жабылат. Кайрадан убайымдуу түн. Мындай күндөр качан аягына чыгат? Бүтөөр сааты барбы?..

Ата-энемдин көзүнчө жылмайып, калп эле сүйгөн адамым менен бактылуу жашап жаткан сыяктканам. Элүү жаштан ашкан атамдан төрт беш жаштай кичүүрөөк күйөөмдү жакшы көрүп, чындап эле бактылуу жашап кетким келет. Бирок анын өңүнөн да, жандүйнөсүнөн да сүйүүгө илинчек таппайм. Бирок кайра бул кадамым менен бир тууган инимди өлүмдөн сактап калганыма кубанам.

Таң агарат. Чоң терезелердин пардасын ачам. Күнгө тигилип көпкө турам. Кайрадан пардалар жабылат. Кайрадан убайымдуу түн. Мындай күндөр качан аягына чыгат?.. 

Турмушумда кубанычтуу жаңылык болду. Кош бойлуу экенимди билдим. Мен эми жалгыз эмесмин. Мен эми мындан ары Артур менен жашап кетүүмө илинчек табылды. 

Ал кош бойлуу экенимди билгенде катуу кубанды. Мага сырын айтып берди. Төрт кызы бар экен. Мен анын экинчи никеси экенимди, мен ага уул төрөп береримди, уул төрөлгөндөн кийин баарын ачыкка чыгарып, дүңгүрөтүп той өткөрөрүн жетине албай айтып жатты.

“Бешенеге жазылганын көрөсүң” дешет. Көрсө жараткан маңдайыңа баарын жазып коет тура. 27 жашка келгенче турмуш курбай жүрүп ушундай тагдырдын ээси болдум...

 Нуриза Алиева 

Aryba.kg

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
Аалы акын Дастан менен Зарылды “таластыктардын чимкириктери” деди
Чубак ажы Жалилов чын дүйнөгө кете берди...
(Видео) Карантиндеги чатак. Күйөөсү аялын терезеден ыргытты...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер